К.Ташиев: "Бийликти жигит үчүн берилген чоң сыноо катары кабылдайм..." 

Кыргызда адамдын ысымы анын мүнөзүн аныктай тургандыгы  айтылат. Жашоодогу, саясаттагы тагдыр адамдын ысымына жараша болору  да талашсыз. Кыргызстанда харизматикалуу, жарк эткен жылдыздай жанган саясатчылардын бири Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев экенин айтсак жаңылышпайбыз. “Ата-Журт” саясий партиясынын төрагасынын басып өткөн жолу оңой болгон эмес. Тагдыр  экен, Камчыбек Ташиев кыргызстандыктардын жашоосун кескин өзгөрткөн саясий жана тарыхый окуялардын чордонунда болуп келди.

- Камчыбек  мырза, саламатсызбы! Кандайсыз?

- Рахмат, кудайга шүгүр, жакшымын.

- Сизге түз суроо берейин. Саясат сиздин жашооңуздун маанилүү бөлүгү болуп эсептелеби?

- Саясат менин жашоомдо эч качан  маанилүү болгон эмес. Мен үчүн көпчүлүктөй эле биринчи орунда үй-бүлөм, жакындарым, досторум  турат. Саясат – бул менин жумушум, кызыгуум. Үй-бүлө – бул менин турмушум, үй-бүлө менен саясаттын ортосунда тандоо кылган туура эмес. Саясат эч жакка качпайт.

- Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарына болгон ишеним төмөндөп баратат. Социалдык тармактарда эл өкүлдөрүн сынга алуу күчөдү. Бул боюнча оюңуз кандай?

- Ооба, андай тенденция бар. Мен ага окшогон билдирүүлөр, ЖМКларга жарыяланган маалыматтар, социалдык тармактардагы комментарийлер менен дыкат таанышып турам. Тилекке каршы, элдин күткөндөрүнүн баары акталган жок. Ага жарандар күнөөлүү эмес. Менин көз карашымча, парламентке келген саясатчыларды эки категорияга бөлүүгө болот.

Биринчиси – бул жеке кызыкчылыктарын гана көздөгөндөр. Андайлар өздөрүнүн бизнесин өнүктүрүп, коргоо, кландарын бекемдөө, депутаттык мандаттан пайда алуу үчүн барышат.

Экинчиси – бул чындык, акыйкаттык үчүн күрөшүү аркылуу өз өлкөсүнө кызмат кылгысы келгендер, өзгөрүү болуусун каалагандар. Депутаттардын баарын эле текши сындай берген да болбойт, арасында татыктуулар да бар. Депутат болуу – чоң жоопкерчилик жана түйшүк. Элге убада бердиңби, аны аткарышың  керек. Ансыз урмат сыйдан каласың. А бул өлүмгө тете  нерсе. Бекеринен кыргызда “уят өлүмдөн катуу” деп айтылбайт. Эгерде сен кымбат костюм кийип, парламенттен сүйлөп, өкмөттү сындасаң эле бул сенин саясатчыга айланып калганыңды  билдирбейт. Керектүү учурда депутат костюмун чечип, жөнөкөй кийинип, өз жарандарына жардам бериши зарыл. Мен иш бөлмөсүнөн чыкпаган саясатчы же депутат болгум келбейт. Ал мага жат көрүнүш. Мен үчүн өлкөдө эмне болуп жатканын билүү, окуяларды жеринен көрүү, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү маанилүү. 

- Сиз 2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад облустарындагы окуялардын чордонунда жүрдүңүз. Чатактар орун алганда, жерине барып келдиңиз…

- Ооба, мен ар дайым айтып келем. Саясатчынын, лидердин бекем принциби  болушу керек. Турмуш бизге ар кандай оорчулуктарды жеңүү үчүн сыноолорду берет. Жашоо бизди болоттой курчутат экен. Ошондуктан мен эч качан сыноолордон коркуп, чегинген эмесмин. Ар дайым алдыдагы оор  жолду басып өтүп, сабырдуулукту, чыдамдуулукту көрсөтүү керектигин түшүнүп келем.

- Камчыбек Кыдыршаевич, Кыргызстандагы бүгүнкү абалды оңдоо үчүн эмне кылуу керек? Биз үчүн кандай режимдеги бийлик ылайыктуу – диктатурабы же демократиябы?

- Бизге, Кыргызстандын элине биринчи кезекте акыйкаттык керек. Кыргыздар кулк мүнөзүнөн демократиялуу эл, эркиндик менен сөз эркиндигин сүйгөн эл. Мамлекетти башкаруу акыйкаттыкка негизделиши зарыл. Акыйкаттык жок жерде демократиянын өкүм сүрүшү мүмкүн эмес. Кыргыздар ар кандай кыйынчылык, сыноолорду жеңсе да, бирок акыйкатсыздыкты көтөрө албайт. Диктатура жөнүндө айтсак, мен бийликтин бир адамдын, кландын колунда болушуна каршымын. Бийликтин монополиясын түзүүнүн кереги жок, анын  эл, диктатор үчүн кесепети опурталдуу болот.

- Бийлик демекчи, Сиз үчүн бийлик эмне?

- Мен үчүн бийлик эң ириде жоопкерчилик. Бийликти жигит үчүн берилген чоң сыноо катары кабылдайм. Бул турмуштун сынагы, аны 5ке тапшырышың  кажет. Кээ бир саясатчылардын жаңылыштыгы, бийликти байлык топтоонун булагы катары карашат. Көп учурда бийлик адамды жаман жагына өзгөртөт. Бирок, бийлик адамды аябайт. Бийлик менен бирге жигит үчүн  көшөкөрдүк да өтө коркунучтуу. Мен өзүм кошоматтык менен айтылган  мактоо сөздөрдү жактыра бербейм. Эгерде кимдир бирөөнү мактап, жакшы сөздөрүмдү айткым келсе, ага барып, колун бекем кысам да азаматсың, мыкты жигитсиң, ушунуңдан жазба, эл менен  бийик экениңди унутпа деп айтам. Бой көтөрүүчүлүк  жигитке ылайык келбейт. Мен жөнөкөйлүктү жактырам, баалайм, мени ата энем ошентип  тарбиялашкан, ал үчүн аларга ыраазымын.

- Кандай чыгармаларды окуганды жактырасыз? Жаштарга эмне окууга кеңеш бересиз?

- Мен улуу жазуучубуз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармаларын жакшы көрөм. Анын “Кылым карытар бир күн” романы керемет чыгарма. Мен ошондой эле жаштарга жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романын окууга кеңеш берем. Бул кыргыз элинин тагдырын чагылдырган тарыхый роман эле эмес, Кокон хандыгындагы эки жүздүүлүк, саясий оюндар, кутумдуктар  тууралуу баяндаган мыкты чыгарма. “Сынган кылыч” романында ошо кездеги саясат, бийлик үчүн күрөш көрсөтүлгөн. Мен романдан окугандарымды Кыргызстандагы бүгүнкү саясий кырдаалдар менен көп салыштырам. Кылымдан ашык убакыт өтсө да эч нерсе өзгөргөн жок. Ошогу эле бийликтин кумары, окшош нравалар, көшөгө артындагы саясий оюндар, бийлик үчүн күрөш… Адамдын табияты өзгөрүлбөйт, бийлик үчүн күрөш болуп келген, боло берет.

- Сиз бай адамсызбы? Акчаңыз көппү?

- (Күлүп) Күтүүсүз суроо бердиңиз го. Мен материалдык жактан жетиштүү адаммын. Өзүмдү баймын деп айтканды жаман көрөм. Көчөдө калган жокмун, авто унаам, үйүм бар, үй-бүлөмү багып келатам. Менимче, жумушуңдан үйүңө баратып үй-бүлөңө 4 нан сатып алып, соопчулукка жок дегенде 1 сом бералсаң, анда сен кедей адам эмессиң. Мен мүмкүнчүлүгүмө жараша жардамга муктаждарга жардам берип келем, мен аны айтып, жар салганды жактыра бербейм. Эгерде жардам бералсаң – анда жардам бер, менин принцибим ушундай. Сен кылган кайрымдуу иштер эртеби, кечпи өзүңө кайтып келет.

Маектешкен Медербек Коргонбаев

Булак: “Майдан.kg” гезити, №07 (442), 19.02.2020-ж.