Д.Жапаров: "Азыркы бийликтин тегерегинде агамдын душмандары өтө эле көп экен..." 

- Дөөлөт байке, агаңыз Садыр Жапаровду камактан чыгарууну өтүнгөн тарапташтары, активистер 500 миң кол топтогону маалым болду. Жогору жак элдин өтүнүчүн, күнөөсүз камакта жаткан эл уулун бошотуу маселесине көңүл бурушу керекпи?

- Ооба. Көңүл бурат го деген үмүтүбүз чоң. Анткени 500 миң адам деген оңой эмес да. Бизге жеткен маалыматтар боюнча активисттер миллилондон ашырабыз деп жатышат. Анан ошончо адамдар суранып жаткандан кийин жогору жактагылар көнүл бурса керек. Анын үстүнө агам күнөөсүз жатканын өздөрү деле жакшы билишет да.

- Эмне үчүн Садыр Жапаров ырайым сураса да аны боштондукка чыгаруу маселеси кечеңдеп жатат?

- Бюрократизм болуп жатат. Аламүдүн райондук администрациясы ары-бери тепкилеп жатышат. Эрежеси боюнча түзөтүү колониясы биринчи ошол жакка жиберет экен. Ал жакта көзөмөл комиссиясы карап, “макул” же “жок” деген жообун берет экен. Алар макул да, жок да деген жок. “Каракол шаары карасын”- деп тарыхта болбогон нерсени жасашты. Каракол болсо: “түрмөңөр биздин аймакта болбогондон кийин биз карай албайбыз. Андай комиссиябыз да жок”- деп жооп берди. Ошентип, кагаздар райадминистрация, түрмө, Ак үй үчөөнүн ортосунда тепкиленип жүрөт. Үч ай болду. Качан жооп беришет, белгисиз.

- Бир тууган агаңыздын камактан чыгарылбай жатканын сыры эмнеде деп ойлойсуз?

- Азыркы бийликтин тегерегинде агамдын душмандары өтө эле көп экен. Садыр Жапаровдун эле эмес, элдин душмандары десек болот. Ошолор бут тосуп атышат.

-Кумтөрдөгү кырсыктар агаңыз айткан чындыктын бир чети элеби? 

- “Кумтөрдөгү” окуяларды Садыр акем 10 жыл мурда айтпады беле. Адис эмес, катардагы эле сержантты алып келип тоо инженери кылып коюшуптур. Ал фабрикадан чыккан топуракты мөңгүнүн үстүнө төктүрүп жатыптыр. Жакында катастрофа болот деп. Ошол 2013-жылы эле биринчи катастрофа болгон. Анда 90 миллион доллар чыгым келтирилди деп жүргөн. Бул экинчи жолу болушу. Тилекке каршы, эки жараныбыз өлдү. Балдары жетим калышты.

Эми дүйнөлүк масштабдагы катастрофа болот, алдын алалы деп какшап эле жүрбөдү беле. Эч ким көңүл бурбай жатпайбы. Анысы качан болоорун бир Кудай өзү билет. Кудай ошондой кырсыктардан мамлекетибизди сактаса экен.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” газетасы