А.Каримов: "Мурдагы КСДПнын тизмесиндеги олигархтар жоопкерчиликтен качып, КСДП сууга чөгүп бараткан, келечеги туңгуюк партия экенин сезишип, ал партия менен шайлоого аттануудан баш тартып жатышат..." 

 

Президенттикке талапкер болгон, өз көз карашы, позициясы бар, гезитибиздин туруктуу эксперти, “8-каналдын” жетекчиси Алмазбек Каримов менен мамлекетибиздеги айрым саясый жагдайлар боюнча баарлаштык.

 

- Алмазбек мырза, кургак ачкачылык кармагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө дешкени менен алардын абалы күндөн-күнгө оорлоп баратканы айтылууда. Эмне үчүн алардын нааразычылык акциясын жогору жактагылар көз жаздымда калтырып жатышат?

 

- Анткени, мындай ачкачылыктардын түрү мамлекетибизде буга чейин эле болуп келген. Аларга деле бийлик тараптан эч кандай реакция болчу эмес. Себеби, бийликтегилер криминал менен достошуп алып, алар аркылуу темир тор артындагыларга таасир этишчү. Бу сапар деле ошол картина болушу мүмкүн. Ошон үчүн ачкачылык кармап, саламаттыгы начарлап жатса да, жогору жактагылар мыйзамды өздөрүнө ылайыктуу кылып иштетип, башкалардын укугун тебелеп, тепсеп көрмөксөн, билмексен болуп отурушат.

 

- Бирок, камакта жаткан саясатчылар жогору жактагылар көңүл бурбасын билишсе да,  эмнегедир көз каранды сотторго нааразы болуп, ачкачылык кармоо менен сот системасына өзгөртүү киргизүүгө багыт алышкандай го...

 

- Феодалдык мамлекетте жашап жаткандыктан, бизде эч качан көз карандысыз сот системасы болбойт. Бул сот системасын канчалык реформа кылсак да ал тармак оңолбойт. Кокус эл көчөгө чыга турган болсо, биринчи кезекте эл адилетсиз чечим чыгарган сотторду издейт. Анткени, эл туура эмес чечим чыгарган сотторду жазалагысы келет.  Ошол убакыт жакын калганын бийлик түшүнбөй жатат. Ошон үчүн элдин маселесин көтөргөн азаматтарды жок жерден каралап, камап, ЭлТР жана КТР аркылуу  эл душманындай көрсөтүп жатышат.

 

- Текебаев жаткан камеранын ичине видеокамера коюлганы ачыкка чыкты.  Бул нерседен ким ырахат алат?

 

- Негизи эркиндиги чектелген адамдардын өз эрежеси болушу керек. Бирок, ага карабай  Текебаевдин психологиясына таасир этүү үчүн акылга сыйбаган  ушундай аракеттерди  жасап жатышат. Айтайын дегеним, андай видеокөзөмөлдөр өз өмүрүнө кол салууга бел байлагандарга, өзүн жоготуп койгондорго, психбольницадагыларга коюлат. Бул жагынан бийликтегилер Текебаевге жырткычтык менен мамиле жасап, логикага жатпаган нерсеге жол беришти.  

       

- Сооронбай Жээнбеков кандай президенттин образын жаратып жатат?

 

- Гумандуу президенттин образын жаратканга аракет кылып  жатат. Социалдык тармактарда анын айрым нерселери кечирдим дегени гумандуу президенттей талкууланып, президент өзүн позитивдүү жактан элге көрсөтүүгө аракет кылып  жатат. Бирок, мага анын аракеттери көз боёмоочулуктай эле сезилип жатат.       

 

 - Акыркы күндөрү “жаңы президент экс-президенттин таасиринен арыла элек” деген ойду айткандар да четтен чыга баштады. Сиз Атамбаев кийлигишип жатканын  байкай алдыңызбы?

 

- Албетте, байкап жатам. Эгер Атамбаев ушул багытта ишти улантам дей турган болсо, Жээнбековдун президенттикке келишине салым кошкондордун баары ич ара нааразычылыктарын билдире баштайт. Себеби, Жээнбековго чуркаган олигархтар сыртта калып калганы аларды өкүндүрөт. Ошол эле маалда премьер-министрдин Конституция боюнча ыйгарым укуктары көбөйгөнү менен анын жаштыгынан пайдаланып, Атамбаев тымызын таяк менен ары-бери  жылдырып, байкатпай “должностторду” чыгарып, эки чоң институттун тирешин жандантат. Тирештин жыйынтыгы саясый кризиске кептелет. Кудай сактасын, эки институттун тиреши күчөсө мамлекетибизде эч кандай өнүгүү болбой калат. Ошон үчүн Конституция кабыл алынып жатканда ушул жагдайды айтып, Конституциянын өзгөрүшүнө каршы чыккам. Кыскасы, азырынча  Атамбаевдин калтырып кеткен мурасы 100 пайыз аткарылып жатат. Аны мен эмес, элдин баары эле көрүп билип турат.  

 

- Ош бажысындагы коррупциялык схеманын бети ачылганы коррупция менен күрөшүүнүн башталышыбы же Атамбаев менен жаңы бийликтин ортосунда тирештин жанданышыбы?  

 

- Менимче, Исаковдо атайылап коррупциялык схеманын бетин ачам деген ой болгон эмес. Булар “иштеп жатабыз, биз кыйраттык”- деген нерсени коомчулукка айтыш үчүн коррупциялык схеманын эң башкы системасын элге жарыялап жиберишти. Чынында Кулматовдун ошол кездеги орун басары “Райым миллион” болчу. Азыр “кыйраттык, ал системаны жокко чыгардык”- деп актанышканы менен, ошол системаны жакшы өздөштүргөн Кулматовду азыр деле иштетип жатышат го. Сыягы, бул нерсени кимдир бирөөгө таш ыргытып, элге жакшы көрүнөм дегендер байкабастан айтып алды. Бул тармактагы коррупцияны жоём десе, ал жерде эки эсе эмес, элүү эсе түшө турган сумма айланып жатат. Коррупциялык схеманын жарыяланып кеткени эл үчүн пайдалуу болду. Эми эл бийликтен эсебин сурап алат. Анткени, революциялык кырдаалды эл эмес  бийлик өзү жаратат. Ич ара “секреттерин” байкабай айтып алышып, элдин абалын курчутат. Эл лидери жок эле көчөгө чыга турган абалга жетип калды.

 

- КСДПнын курултайы улам артка жылганан “бийлик партиясында абал оңой эмес” деп жооругандар бар. Чын эле  кырдаал кыйындап жатабы?

 

- КСДПнын курултайы негизи декабрда болушу керек эле. Ал январга жылды, эми андан да жылды дешип жатат. Менин оюмча мурдагы президент беш жылдан бери кандай иштегенин, мамлекетти эмне кылганын, туңгуюкка кептегенин өздөрү да жакшы билишет. Ошон үчүн мурдагы КСДПнын тизмесиндеги олигархтар жоопкерчиликтен качып, КСДП сууга чөгүп бараткан, келечеги туңгуюк партия экенин сезишип, ал партия менен шайлоого аттануудан баш тартып жатышат. Анын жоопкерчилиги чоң экенин да билишет. Жоопкерчиликтен качып, КСДП менен шайлоого баруудан баш тартышууда. Ошондуктан Атамбаев  тизме түзүүдө өтө кыйналып жатат. Атамбаев болгон күчүн жумшап, партиянын тизмесин түзсө да, анын келечеги жок партия. Бирок, партиянын тизмеси түзүлсө, жазында парламенттик шайлоо болуп калышы мүмкүн.

 

- Асылбек Жээнбеков КСДПны күчтөйбү же өз алдынча партия түзүүнүн айласын издейби?

 

- Бул нерсе эки кландын тирешинен чыгуучу маселе. Эгерде президент “мен айткандай болот”- деп өз алдынча чымын өлтүрүп отура берсе, Асылбек Жээнбеков агасын көндүрүп,  келечекте партия эле түзбөй, референдум да өткөрүп, президенттин ыйгарым укуктарын күчтөп алышы мүмкүн. Азыр Сапар Исаковдун командасын жем чачып алдап кармап турушат. Эгер Жээнбековдор бардык нерсени колго алгысы келсе, Асылбек Жээнбеков аркылуу Жогорку Кеңештеги биргелешкен депутаттар партия түзүп, референдуму колдоп бериши мүмкүн.

 

- Сапар Исаковдун ордуна Абдил Сегизбаев келип калышы мүмкүнбү?

 

- Биз бул бийликтен ар нерсени күтсөк болот. Саясаты минут сайын өзгөрүп турат. Элди алаксытуу максатында Сегизбаевди же Сексенбаевди алып келгени менен маселе чечилбейт. Элди көчөгө чыгарбаш үчүн парламентти таркатат же кайсы бир саясый фигураны алмаштырышат.

 

- “Кырдаал кыйын. Жазда эл бийликке бирди көрсөтөт”- деген пикирди таянгандар да болуп жатат. Элде нааразычылык баштагыдан күчтүүбү?

 

- Бизде жакшыбы, жаманбы кошуна мамлекеттерге караганда 5-президент болду.  Салт катары президенттин 100 күндүгүн белгилейт. Жүз күндүн ичинде кайсыл саясый экономикалык жолду тандап алды. Өзүнө кандай команда түздү, кайсыл институт эмнени башкарып жатканын баары мамлекеттин экономикалык саясатына такалат.  Мен жеке жаран катары 100 күндөн кийин өз көз карашымды айтам. Саясатташып кеткен эл жана серепчилер да позициясын билдирет. Элдин маанайы ошого жараша өзгөрөт. 100 күндөн кийин президент элди эмне деген сөз менен алдайт же эл кандай баасын берет, ошого чейин чыдай туралы.

 

- Бишкектиктердин жылуулуксуз калганы үчүн эмнеге энергохолдингдин башчысы кызматынан кеткен жок. Исаковдун “ал жакшы кадр, мен анын арызын кабыл албай койдум” дегени эле бардык катачылыкты жууп коёбу?

 

- Ал деле коррупциялык системаны мыкты өздөштүрүп, коррупциянын механизмдерин жакшы билген адамды иштен кетиргиси келбесе керек. Анткени, ал жердеги каражатты энергохолдингдин башчысы  жалгыз эле өзү албайт, аны айрым чиновниктер менен да бөлүшөт. Ошон үчүн бул жигит дагы көпкө чейин иштей берет. Башка мамлекетте чиновниктер кечигип калганы үчүн кызматтан кетип жатса, бизде аварияга учурап, элдин кыйналганын да эске алышпайт. Буюрса, энергохолдингддин башчысы бир топко чейин иштейт. Жогору жактагыларга көп кызмат кылып берет.

 

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити