К.Булатов: "КСДПдан олигархтардын баары баш тарта баштаганы чындык, алар Атамбаев бийликте турганда айласыздан кошомат кылып жүрүшкөн..." 

 

Укук коргоочу Качкынбек Булатов менен Кыргызстандагы саясый кырдаал тууралуу ой бөлүшүп, айрым суроолорго жооп алдык.

 

 

- Сооронбай Жээнбеков гумандуу жолду тандадыбы же каардуу жолду тандадыбы?

 

- Сооронбай Жээнбеков кандай жолду тандаганы азырынча даана көрүнө элек. Бирок, акыркы коопсуздук кеңеште айткан сөзүнөн жыйынтык чыгарса, элдин купулуна толот эле. Себеби, коомчулук деле “президент качан өзүнүн айткан убадасын аткарат жана качан мыйзам үстөмдүгүн орнотот, качан ашмалтайы чыккан сот процесстерине чекит коёт”- деп чыдамсыздык менен күтүп жатат. Президент мына ушулардын баарын эске алса, адилеттик орноп, кичине болсо да калыстыктын шооласы көрүнөт эле. Эгер Сооронбай Жээнбеков адилеттикти туу туткан президент болом десе, эң алгач камакта күнөөсүз жаткан саясый туткундарга ачык сот процестерин өткөрүп, аларды актап, жок жерден камакка алып, кордогондорду мыйзам алдында жоопкерчиликке тартышы керек. Ошондо гана эл ишенген президент болот.

 

- Коомчулукта президенттин күч органдарына айтылган катуу сынынан күч, көзөмөл органдарынын башчылары кызматынан кетери айтыла баштады. Алардын ордуна ким келиши мүмкүн?

 

- Бул адамдар кызматынан кетсе, орду бош калбайт. Алардын ордун басчулар заматта табылат. Бирок, ал кызматка татыктуу инсандар келеби же президенттин жеке ишенимине ээ болгон адамдар келеби, кеп ошондо. Ошон үчүн ал кызматка ал же бул татыктуу деп айтуу кыйын. Себеби, аты аталган кызматтарга жогору жактагылар эл каалаганды эмес, өзү каалаганды бекитип коюшу мүмкүн. Эгер президент мурунку президенттерден дээрлик айырмаланып, ал кызматтарга мамлекетчил адамдарды койсо, мамлекетти бат эле мыйзамдуу жолго салып коймок.

 

- Сооронбай Жээнбековдун  күч органдарына айткан сыны аларды териктиргендей болду. Президент ыгы келгенде айтып алайын деп аша чаап кеткен жокпу?

 

- Сооронбай Жээнбеков аша чаап кеткен жок. Ал айткандарын далилдеп берди. Ошондуктан президенттин күч органдарына айткан сыны өтө жөндүү болду. Бардык фактыны көргөзүп так анализ берди. Анткени, бардык тармактагы коррупция так ушулар аркылуу өнүгүп жатпайбы. Булар уурулуктун уюгу десек жаңылбайбыз.

 

- “Жаңы шыпыргы жакшы шыпырат” дегендей, жаңы президент да жакшы демилге көтөрдү. Президенттин коррупция менен күрөшкөнгө саясый эрки, күчү жетеби?

 

- Президенттин сүйлөгөн сөзүнө караганда коррупция менен күрөшүүгө катуу киришти. Бирок, тамырлап кеткен коррупциянын тизгинин тартып кетерине азырынча ишенүү кыйын. Себеби, коррупция менен чындап күрөшөм десе бийлик анын  колунда турат. Ана-мына деп отурбай, бир-эки айдын ичинде эле мамлекетти тартипке салмак. Чындап күрөш башталса, коомчулук кош колдоп колдомок. Ошондой болсо да Соронбай Жээнбековдун күч органдарына айткан сөзү бүткүл кыргыздын көңүлүн бурду. Эми Сооронбай өзүнүн айткан сөзүнүн кулу, аны аткарбаса эл жерге түкүрөт, налат айтат, эл ишеничинен чыгат. Сооронбай Жээнбеков Мирзиёевди жолун жолдосо мураска жетебиз.

 

- Эмне үчүн президент түрмөдөгү кургак ачкачылыкты көз жаздымга калтырып койду?

 

 - Жээнбеков түрмөдө кургак ачкачылык кармаган саясатчыларды көз жаздымда калтырбай алардын талаптарына көңүл бурушу керек. Анткени, кокус ачкачылык кармагандардын бирөөсү өлсө катуу сынга кабылып, эл аралык аренада кайдыгер президенттей кабылданып калат. Ошондой эле берген убадасынан тайып калат. Ошондуктан Атамбаевдин оозун карабай, өз эрки менен иш алпарса деген ойду айткым келет. Эгер Атамбаевдин кеңешин эске алса, бардык Жээнбековдорго заматта эле налат айтылып, элдин сынына калышат.

 

- “КСДПдан олигархтар чыга качып, Алмазбек Атамбаев тизмесин түзө албай жатыптыр”- деген сөздүн чындыгы барбы?

 

- Ооба, КСДПдан олигархтардын баары баш тарта баштаганы чындык. Алар Атамбаев бийликте турганда айласыздан кошомат кылып жүрүщкөн. Азыр өлкөнүн кожоюну Сооронбайга ыктай баштады. Атамбаев кайра бийликке келсе ошондо наразычылык саясый кырдал түзүлөт.

 

- Атамбаев партиясы аркылуу маниилүү кызматтардын бирине келиши мүмкүнбү?

 

- Эгер Атамбаев ушунча жыл элди башкарганына ыраазы болбой, дагы бир кызматты көздөп аткан болсо, тарыхтын таштандысында калат. Себеби, азыр Атамбаев экс-президент дегенибиз менен көшөгөнүн артында кылган иштери акыры ачыкка чыгат. Ошондо Атамбаевдин накта жүзүн көрөбүз. КСДП партиясы өз доорун сүрүп бүттү. Эми аларга акча дагы жардам бере албайт.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05, 14.02.2018-ж.