Ж.Жоробеков: “Акаевдин балдары, кыздары, балдыздары, Бакиевдин Максими баш болгон инилери мурда кандай роль ойноп келсе, азыр ошолордой эле Атамбаевдин Икрамжанисиз Кыргызстанда спикери да, өкмөттүн жетекчиси да болоор болбос бир кадрдык жүрүш жасай албайт”- деп бир гана Бекназаров айта алат...

 

Мен физик, математик, химик болбогонума кээде өкүнүп кетем. Анткени, андагы формулалар, жоболор туруктуу. Чоң-чоң эле бир ачылыштар болуп кетпесе окуу китептерде кандай берилсе, ондогон-жүздөгөн жылдарга чейин өзгөрбөйт, ошондой эле калат. Ал эми бу саясат таануу илиминде ай сайын, күн сайын саясатта өзгөрүүлөр жүз берип турат экен. Бизде, башка мамлекеттерде бул жагында эмне жалпылыктар жана өзгөчөлүктөр бар, негизги логика кайда бара жатат: теориясында кандай, ал эми практикалык жагдайы кандай (?) дегендей дагы толгон-токой маселелер бар.

 

Аларга тыкыр көз салып, бардыгына жетишип карап туруу керек. Болбосо артта каласың. “Бүгүн көргөн эртең жок, ушундай экен дүйнө бок”,- дегендей заман болду. Бул бизде эле эмес, жалпы дүйнө кандайдыр бир белгилүү бир мыйзам ченемдүү болуп калган алкактан чыгып, “кимди-ким билди Быржыбайды там басты”- дегендей болуп калды. Азыр кайсы бир ишенимдер, максаттар, бардыгы жоголгондой болду. Анткени СССРдин убагында тоталитардык заман болсо да “адамзаттын жаркыраган келечеги - коммунизмди курабыз”- деген бийик ишеним бар эле. Ал эми демократия, рынок экономикасы, либералдык экономика, деген түшүнүктөр ага каршы коюлуп, биз пир туткан коммунистик идеялар аларга жеңилди. Эми демократия, рынок бардык экономикалык маселени өзү чечет, өзү жайгаштырат – деп чейрек кылымдан бери келе жатабыз, мунун аягы көрүнбөйт, жок дегенде ишеним бере алышпайт. Бул жылдарда демократиянын өзү биз пир туткан батыш мамлекеттеринде фиаского учуроодо. Айрым мамлекеттер биз билген классикалык рынок экономикасыз жана демократиясыз эле өздөрүнүн кылымдардан келаткан менталитетине жараша өсүп-өнүгүп, өздөрүнө тиешелүү демократия менен гүлдөп жатат. Айталы Сингапур, Малайзия ж.б. чыгыш мамлекеттери, СССРден бөлүнүп чыккан мамлекеттер да ар кимиси ар түрдүү жолдор менен кетишти. Казахстан, Өзбекстан, Белоруссия бирдиктүү, катуу бийликтин негизинде эле (мүмкүн демократиясы азыраактыр) өсүп-өнүгүп трактор, машинадан тартып самолетко чейин чыгарып, завод-фабрикалары иштеп эли баргерчиликте жашап жатат.

Алардан айрымаланып бизде саясий процесстер башкачараак нукта жүрдү. СССРдин убагында Кыргызстан эт менен челдин ортосунда бар жок экени билинбеген “белгисиз республика” болчу. Убагында И.Раззаковду улам жамандап Москвага жазып жүрүп кетирбегенде мүмкүн бизде да башкачараак болот беле? Бул эми тарых.

 

Кайра куруу, “демократизация” деген түшүнүктөр СССРде айтыла башталганда бизге Балтика боюндагы республикалардан агитаторлор күргүштөп келген. Алардын ою боюнча: “12 миллион койдон жок эле дегенде 2 кг. жүн алганыңарда баланча миллион метр жүн материал болот, андан мынча миллион кийим тигилет, силердин 5 миллионго жетпеген калкыңар иштебей эле жыргап жашайсыңар. Кендериңерди, сууларыңарды ж.б. байлыктарыңарды айтпаганда да силер өзүңөрчө мамлекет болсоңор гүлдөп өнгөн өлкө болосуңар”- деп ал эмес өздөрү биздин республика үчүн жасаган эсеп-чотторун да көрсөтүшөөр эле.

 

Чындыгында продукциялары Америкага чейин экспортолуп турган Ленин, Физприбор, Автомаш, Автосборочи, Фрунзе ж.б. заводдор мейли эми комплектилөөчү деталдар, сырьелер башка жактан келгендигине байланыштуу токтоду дейли. Ал эми сырьесу өзүбүздө болгон, эч кимдин жардамысыз эле иштетип кете турган Бишкектеги комволдук-нооту комбинаты, Оштогу пахтадан кездеме токуган жана Жибек, Кара-Балтадагы килем комбинаттарын бир жан-күйөр кыргыз болгондо эптеп иштетсе болот эле. Бул биздин Кыргызстанда чет мамлекетке таанытып турган өнөр жай флагмандары эле да. Кантип тарыхта калчу бир кыргыз чыкпады. ХБК менен Кара-Балтадагы килем комбинаты боор эти менен тең болуп калган Кыргыз эл акыны Н.Алымбеков азырга чейин өкмөттө бир патриот адам чыкпаганын айтып зарлап жүрбөйбү. Эгерде мен кыргызга күйөм – деген бир кыргыз чыкканда, “мен кыргызмын” деген инсан болгондо жок эле дегенде жогорудагы ишканалар иштейт эле. Азыр эми ал комбинаттар эмне болду, кимдин менчиги? Ал жердеги чет элдик станоктор башка тетиктер эмне болду? Жөн эле кызыгып койгон адам жок.

Булар жөнүндө, деги эле жан кейиткен күндөн-күнгө кыйындаган турмуш, республикадагы түшүнүксүз саясат боюнча өзүмчө ой багып жүргөн кезде А.Бекназаровдун “Мен кыргызмын” деген 2 томдук китеби колума тийип калды. Дүкөндөн чыгып келатсам жакшы тааныштардын бири көрүп калып, “ой Жоке, ушундай да китепти окуйсуңбу?” - деп колумам алып кармалап, “Бу эмне Бекназаровду бирөө кыргыз эмессиң деп жатыптырбы”- дейт. “Эми, окуп көрүп, анан айтабыз да”- деп койдум.

 

Бекназаровдун мурда да бир китебин карап чыккам, анда анчайын эле элес ала берген эмесмин, бул эки китеби чындыгында эле акыркы 11 жылдагы Кыргызстанда жүрүп жаткан саясий процесстердин Бекназаровдун көзү менен түзүлгөн стенограммасы катарында кабыл алдым. Анткени көп эле окуялар, фактылар өзүбүз жакындан көрүп, сезип, аралашып жүргөн эле нерселер. Бирок ошону терип-тепчип, сыдыргыга салгандай тизип жазыш да оңой эмес. Анын үстүнө ошол кезде кабыл алынган көпчүлүк документтерди тиркемесинде бергени келечекте изилдөөчүлөргө табылбаган оокат го. Аны автор өзү да баш сөзүндө: менин максатым – ошол илимпоздорго талашсыз айрым тарыхый фактыларды жеткирүү, билдирүү жазып калтыруу деп жатпайбы.

 

Адатта мындай кишилер көпчүлүгү жазмакерлерге өздөрү айтып берип жаздырганы практикаланып  жүргөнүн билебиз да. “Бул да ошондой бекен”- деп Бекназаров менен убагында үзөнгүлөш жүргөн Нур уулу Досболдон сурасам, “Азимбектин ошондой кичине жазмачылык жагы да бар” дегенинен менде кандайдыр бир ишеним пайда болду. Анан эми бу мемуар эскермеде сөзсүз бир субъективдүү жактары болот. Андай болбосо да окуган адам сөзсүз эле “автор өзүн апакай кылып көрсөтүүгө далалат жасап жатат” деп билет – ошентип окуйт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Коомдук пикирде Бекназаров республиканын башкы прокурору болуп турганда “баланчадан-түкүнчөдөн акча алган” деген сөз бар. Китебинде автор андай сөздөр элдин арасында бар экенин, аны кимдер чыгарып жүргөнүн да жазат.

 

Демек Бекназаров ушул жана башка эл арасында өзү жөнүндө айтылгандардан кыя өтпөйт, өзүнүн көз карашын билдирет. Бул менин оюмча туура. Кана ким кантип “менден акча алган” деп кайсы бир факты менен көрсөтө алат – андай жок. Кандайдыр бир документ да жок. А эгер “бул же тигил бошонуп кетти го”, “ал баланча жерде, баланча акча бердим” деп айтып жүрөт го деген сөз – бул жөн эле алардын ушагы. Эгерде азыр Бекназаровдон “баланчаев мынча акча берип бошонду да, болбосо кантип бошонот эле”- десеңиз, “эмне башкы прокуратура менин жеке күркөм беле, ал жерде менин орун басарларым, атайын кызматтын, бөлүмдөрдүн адамдары болгон, коллегиялуу түрдө чечилген”- дейт. Биздин элди “мен эч нерсе алган эмесмин” деп эч качан ишендире албайсың – бул үйдү эмнеңе алдың, тиги машинан кайдан ж.б.у.с. толгон-токой суроолорго жооп да бере албайсың.

 

Ошондуктан автор: “а мүмүкүн мен жазган фактылар боюнча башка ой-пикир, далилдер болсо, көзүбүздүн тирүүсүндө тактап алууга мүмкүнчүлүк бар. Жаңылып жазып адашып калсам “ак чөп башта” деп кечирим сурап, кайра алууга даярмын. Бирок, коомчулук, кыргыз эли өз баатырларын өңдөрүнөн таанып алууга акылуу”- деп маселени кабыргасынан койду. Кана эми Атамбаев баш болуп китепте аты аталган каармандар – “Бекназаров бул жерин туура эмес жазып коюптур”,- деп өз фактылары, далилдери менен чыга алабы? Ай ким билет, ким билет.

 

Кыргызстанда эки жолу 1990 жана 2010-жылдары Ош коогалаңы жана 2005, 2010-жылдардагы революциялар (революция деп аталабы-жокпу, бул башка маселе) жөнүндө кененирээк изилдеп жазуу – бул менин иш столумда 3-4 катарда турат. Анткени, акыркы эки революциянын табы басаңдай элек, али ысык бойдон. Ал кичине салкындап муздагыча дагы бир топ жылдар керек. Аны айтып жаткан себебим, 1917-жылы Октябрында болгон революцияга мына жакында 100 жыл болот, көптөгөн жаңы жагдайлары жаңы фактылары эми ачылып бизге белгилүү болуп жатат. Ошонун сыңарындай Бекназаровдун китебинде да 2005-жылдагы революциянын өбөлгөлөрүн, анын келип чыгышы өтө кеңири жазып, кандай максат мүдөөлөрү бар экенин терип тепчип жакшы көрсөткөн. Ал эми 2010-жылдагы революциянын пландары жөнүндө айтканда ким куралды колдонууну “революция үчүн  анча-мынча кан төгүлүүсү да керектигин”, “анча-мынча курмандыктардын болушун”, “элди кызытып канын кайнатыш үчүн кандай чаралар жана ар түрдүү каражаттар колдонуу керектигин”, ким же кайсы топтогу адамдар бул сунушту киргизгендиги жөнүндө ооз ачпайт. Бекназаров Бакиевти кулатууда сөзсүз кан төгүүлөр пландаштырылганын мурдатан эле баамдашы мүмкүн. Ошон үчүн “мага Аксыдагы жигиттердин каны эле жетишет”- деп Бишкектен алысыраак Нарында митингдерди уюштурууну мойнуна алып, ошол жакка кетсе керек. Анткени, Бекназаров токумун жеп жаазына кол койгон кыйды саясатчы болбосо да оперативдик-тергөөчү катарында бул кан төгүүнүн баасы өтөт кымбат болоорун, мейли ондогон жылдардан кийин болсо да бул трагедия өтө тыкыр изилденип, болгонун болгондой  такталаарын далысында билген. Мына андан бери 6-7 жыл өтсө да кайсы ок кайдан тийгенин балистика боюнча адистер тактай албай жатпайбы. Куралданган адамдардын чоң тобу Ак үйгө чабуул койсо, азыр деле атат да. Анткени ал жер өзгөчө коргоодо турган объект да.

 

Анын үстүнө юрист катары 2005-жылдагы окуяда Акаев өзү эле кетип калып, бийликке митинг жасагандар жөн эле кирип барып Ак үйдү ээлеп алышпадыбы. Эгер ошондо Акаев Ак үйдүн терезесинен эле митингичилердин бир канча талаптарына макул болуп, “президенттик шайлоого барбайм”- десе эле митинг токтомок. Бирок, андай болгон жок. Акаев жана өкмөттүн жетекчиси да кетип, бийликтин вакууму пайда болду. Ушул “вакханалияны” мыйзамдын алкагына алып келүү, укуктук чөйрөгө киргизүү бир топ кыйын болгонун Бекназаров адис жана ага катышып уюштурган лидерлердин бири катарында жонтериси менен сезген. Анда алардын оюнда “Акаев качып кетет, биз бийликти тартып алабыз” деген план деги эле болгон эмес. Акаев качып кеткенден кийин “ким бийликти алат?”- деген маселе ошол митингдин лидерлерин шок кылган. Себеби андай план аларда болгон эмес. Мына ушундай кырдаалда албетте Бакиевдин кандидатурасы калгандарынан бир топ артыкчараак эле.

 

Ал эми 2010-жылы кырдаал башкачараак өнүккөн. Куралдуу көтөрүлүш аркылуу анча-мынча кан төгүү менен бийликти тартып алуу - антиконституциялык жол экенин, бул - айрым талдоочулар белгилеп жүргөндөй - путчка жакын экенин сезген. Ошондон улам Бекназаровдун логикасы аны кан төгүлгөн борбордон алыс Нарынга алып барган. Ал жерде жөн гана тынч митинг менен облусттун жетекчиси өз ыктыяры менен митинг жасагандар жагына өтүшү менен бүтөт. Бардыгы мыйзам жолунда. Эл тынч митингиге чыкты, жетекчилик митингичилерге кошулду, эч кандай зордук-зомбулук, күч колдонуу болгон жок. Бул маселенин бир жагы, ал эми экинчи жагы күч колдонуу, курал колдонуу, кан төгүү - анча мынча өтө тар чөйрөдө сүйлөшүп чечилиши мүмкүн. Ким билет, Бекназаров аны билбеши да мүмкүн. Аны өтө жашыруун чечкендер “бул өтө тар чөйрөдө түзүлгөн планга” Бекназаровду кошпошунун себеби: ала көөдөн, бетке чапма, куулук шумдугу жок, адам бирде болбосо бирде оозунан чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуу болушу да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми чындыгында жалпы митингдердин координатору Бекназаров Нарында, Таласта, Аксыда, Сокулуктагы митингдерден кабардар болуп, а бирок Бишкектеги кандуу окуяларды телефондон эле угат. Бирок биз азыр эмне дебейли Бишкектеги кан төгүүгө Бекназаровдун тиешеси жок экенин китепти кунт коюп окуган адам ишенет. Ошол сексенден ашуун кырчындай жигиттердин убал-сообу кимге, алар эмне үчүн курман болушту – бул Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы айыкпаган жара. Эмне ошолор азыркы турмуш үчүн жандарын кыйдыбы, жыйынтыгы эмне болду? Бул ондогон жылдар бою жүздөгөн китептер жазылып талкууланса да орду толгус жоготуу.

 

Башыбыздан өткөн эки революция жана түштүктөгү коогалаңдар жөнүндө жүздөгөн илимий, илимий-публицистикалык макалалар, эки-үч диссертациялар корголду. Ошондой эле бир канча китептер жарык көрдү. Бул жерге айрымдарын эле келтире кетейин: Ырысбек Омурзаковдун “7-апрель жана түштүк коогалаңы”, (2010, “Журналистин көзү менен”); Садыкова Р. “Түстүү революциялардын Кыргызстандын саясий процесстерге тийгизген таасири” (Бишкек, 2013); К.Бакиев “Март революциясы: Эл тандаган тарыхый жол” (Бишкек, 2016); үч жолу ондолуп кайра-кайра басылган Талант Раззаковдун “Ош коогалаңы” (Бишкек, 2015); Академиянын бир катар окумуштуулары чыгарган “Феномен революции” (Бишкек, 2015); А.Эркебаевдин жетекчилигиндеги “Улуттук комиссиянын отчету жана бир топ макалалары”, ошондой эле анын жакында жарык көргөн “Өзүңдү эмес өлкөнү ойло” (Бишкек, 2016) деген китептери бар. Булардан башка да көптөгөн аналитикалык материалдар коомчулукка белгилүү.

 

Ушул тизмекте саясий илимдердин кандидаты Уран Ботобековдун жалпы редакциясында Мелисбек Мырзакматовдун “Мен издеген чындык. Ош коогалаңы тууралуу маектер, кайрылуулар, билдирүүлөр, документтер, фактылар” (Бишкек, 2011-жылы чыккан) салмактуу китеби өзгөчө орунда турат.

 

Бекназаровдун китебиндеги Бакиевдин Ошко келиши жана кийинки окуяларда М.Мырзакматовдун ролун кандайдыр бир кыйгачтап өткөндөй же үстүртөдөн сүрөттөгөндөй туюлат. Айталы Бакиев Жалал-Абаддан Ошко келгенде М.Мырзакматовдун жеке позициясы өтө чоң роль ойногон. Муну ошол кездеги саясаттан алыс адамдар да тастыктайт. Айрымдарыбыз М.Мырзакматовду жакшы көрөбүзбү же жаман көрөбүзбү, бирок кашкайган чындык: ошол мезгил М.Мырзакматовдун позициясынан көп нерсе чечилген, керек болсо жаңы Кыргызстандын тагдыры чечилген.

 

Элестетип көрүңүз, М.Мырзакматов Бакиевти колдоп, аны президенттин түштүк резиденциясына олтургузуп, ал жерден Бакиев жакынкы өлкөнүн президенттерине кайрылып, эл аралык уюмдардан жардам сурап “Бишкектеги 10-15 миң адам Талас, Нарын, Ысык-Көл, Аксы, Сокулук, Токмоктогу митинге чыккан 2-3 миңдей адамдар али Кыргызстандын жалпы эли эмес, мыйзамдуу легитимдүү президент менмин” - деп олтуруп алса, тарыхтын өңүтү башка жол менен кетмек. Мына ушул кырдаалда М.Мырзакматов Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калган чыныгы мекенчилдик позициясын көрсөттү. Ал көрсөтүлгөн китебинде туура белгилейт: “Эгерде мен кичине эле Бакиевди колдоп койгондо таразанын ташы ал тарапка ооп кетмек... тарыхтын жүрүшү башка нук менен өнүкмөк” - деп туура белгилейт (М.Мырзакматов “Мен изилдеген чындык”. Бишкек. 2011. 54-55 беттерде). Бийлик кийин бийлигин салып Мырзакматовду аттан алып түшкөнү башка тема.

 

Бекназаровдун китебинде ушул жана башка да урунтуктуу жерлерде Мырзакматов жөнүндө чөп башылап эле өтөт. Ал эми чын-чынына келгенде элге тартымдуулугу, эл арасында абройлору, интеллектуалдык деңгээлдери, эр көкүрөктүктөрү, нака кыргызга тиешелүү мекенчилдиктери ж.б. көп жагынан мага экөө окшоштой сезилет. Кимдир бирөөсү “мен ага тең белем” десе, ак чөп башта – кечирим сурайм.

 

Эми Бекназаровдун эки томдон турган олчойгон китебин баштан аяк комментариялоо же ага кандайдыр бир анализ жасоо менин милдетиме кирбейт. Ошентсе да үзөнгүлөш жүргөн жолдоштору Текебаев, Отунбаева баш болгон бир тобуна берген мүнөздөмө баа, саясий портреттери, штрихтери жалпысынан жакшы. Булардан сырткары Канатхан, Жаркынайым, Курманжан-Датка, Жусуп Абдрахманов жана Исхак Раззаков, Т.Усубалиев, А.Масалиев, Акаев, Бакиев, Атамбаев жөнүндө жазгандары көңүл бурганга арзыйт. Айрым салыштырмалары алардын пенделик оош-кыйыштарын сүрөттөгөнү дал бутага тийген.

 

Президент Атамбаевдин анын депутат кезинен мен баамдап байкап жүргөн кылык-жоруктары Бекназаровдун китебинде өтө терең жана ишенимдүү берилиптир. Бул деген Атамбаевдин президенттик мезгилин жана анын саясий портретин изилдөөчүлөргө информациялык биринчи булак болуп берет. Атамбаев жөнүндө күндөлүк газеталар мындан да курч нерселерди жазышат, бирок үзөнгүлөшү Бекназаровдун китебиндеги маалымат - башка кеп. Автор китебинде туура белгилегендей, “айрым бир заказ менен жазгандар эки революциянын бирөөсүнө өтө маани берип же кайсы бир инсандын ролун төмөндөтүп же өйдөлөтүп, бул окуяларды бурмалап көрсөткөндөр көбөйдү. Бул айрыкча революцияларды ичинен эмес, сырттан туруп изилдегендерге тиешелүү”- деп жазат. Туура, ушундан улам Бекназаровдун китебиндеги эки жагдайды баса көрсөткүм келет. Биринчиси, бардык жазгандары өзү аралашып, өзү уюштуруп, башкалар менен чогуу болгон окуялар. Анда өзүнүн ролун көтөрө чалып же болгонун болгондой берүү башка кеп. Экинчи жагдай - ошол окуя же процесс кандай болгон, андагы каарман тууган, жакын дос же президент, ким экенине карабастан, ал жөнүндө эмнени ойлоп турганын кылтыңдатпастан түз бетке айтканы.

 

Ошондуктан, “Акаевдин балдары, кыздары, балдыздары, Бакиевдин Максими баш болгон инилери мурда кандай роль ойноп келсе, азыр ошолордой эле Атамбаевдин Икрамжанисиз Кыргызстанда спикери да, өкмөттүн жетекчиси да болоор болбос бир кадрдык жүрүш жасай албайт”- деп бир гана Бекназаров айта алат.

 

Эми биз Б.Бекназаровдун китебин эмне дебейли, кандай баа бербейли, бул эмгек эки революцияда аралаш жүрүп, аны уюштургандардын биринин баяндамасы катарында табылгыс информациялык булак катары калат. Мындагы маалыматтар жана тиркемедеги документтер бул революциялардын бирдей эмес олеографиясын көрсөтөт. Ушуларды пайдаланып, кийинки изилдөөчүлөр 2010-жылдагы кан төгүүнүн терең табышмактарын чечет. Ошондуктан биз авторго ыраазычылык гана билдиребиз.

 

Жолборс Жоробеков,

саясий илимдеринин доктору, профессор

 

Булак: “Майдан.kg” гезити