А.Бекназаров: Азыркы тергөө органдары мыйзамды билбей, журналисттик ушактын деңгээлинде иш кылып калышты...

- Текебаевге коррупционер жана алдамчылык беренеси менен кылмыш ишин козгогону неден кабар берет?

- Арыз менен эле камай турган болсо, Сегизбаевге деле, Атамбаевге, мага деле 20 киши арыз жазып коёт. Эптеп бирөөдөн эле арыз алып, камай турган болсо, ар кимге иш козгосо болот. Мыйзамда арыз жазып койсо эле камайт деген түшүнүк жок да. Арыз негиз болот. Иш козгойт. Тергейт. Күнөөсү бары-жогу далилденгенден кийин гана камакка алынат. Салянованын убагында бирөөгө арыз жаздырып коюп камап, анан тергөө жүргүзгөндү адатка айлантып алышкан. Башкача айтканда биринчи камап алып, анан тергөө жүргүзүшөт. Биринчи далилде. Анан камакка ал. Анткени, 7 жыл мурун болгон иш экен. Мыйзамда адам өлтүрүп же пара алып жаткан жеринен кармаса дароо камоого жол берилет. 5-6 жыл мурун болгон нерселерди элден мурун тергейт. Азыркы тергөө органдары мыйзамды билбей, журналисттик ушактын деңгээлинде иш кылып калышты. Эптеп эле арыз болсо камап жатышат. Себеби, алардын башында президент туруп жатат. Президент “камагыла” дегенден мурун “жазылган арыз канчалык деңгээлде чын, эмне үчүн мурда эмес, азыр жазылып жатат”- деши керек эле. Арыз жазган ким? “Ал чындап эле күйгөн кишиби же ортодо бирөөнү каралаганды адат кылып алган алдамчыбы?”- деп алгач баа бериш керек. Текебаевдин үстүнөн арыз жазып каматкан кишинин “Мегакомго” эч кандай тиешеси жок. Көчөдө жүргөн эле киши болсо керек. Арыз алып камай берген Салянова Башпрокурор болгондон бери мода болуп калды. Келдибековду камакка алдырган арыздын колу, ал тургай печаты жок эле иш козгоп салышкан. Азыр ошол өнөкөткө айланган нерсе Салянованын башына түшүп жатат. Бул табалагандык эмес. Бирок, ушундай иштердин башында 2010-жылдан баштап Текебаев менен Атамбаев отурду да. Нечен жолу экөөңөр революцияны “өлтүрүп”, кайрадан авторитаризм  кылдыңар. Парламенттик системаны өлтүрүп, кайрадан бир адамдын бийлигине айланттыңар деп эчен жолу айттым. Эми түштөн киийн чыгып жаткан аксакалдарга да жиним келип жатат. Ошондой процесс башталганда неге үндөрүн чыгарбай отурушту. Аягында Текебаев өзү курган авторитаризмдик режимдин запкысын тартып, курмандыгы болду. Ошол кезде эле Атамбаев менен Текебаевге каршы болуп, “биз парламенттик өлкөбүз. Өкмөттү биз аныктайбыз. Сиз кийлигишпеңиз”- деп президентти ордуна коюп койгондо азыркыдай башаламандык болбойт эле го. 6 премьер-министрди тең президент аныктады. Кааласа өкмөттү, кааласа премьер-министрди алмаштырышты. Кааласа, баш прокурорду алмаштырат. Ал турсун каалаган кишиге башкача айтканда Атамбаевди укпагандарга, сындагандарга да иш козгошту. Биз азыр революция жасайбыз дебей туура эмес багыт алган процессти токтотушубуз керек. Баарыбыз кайдыгер карап, үстүбүздөн арыз жазып, камап койгончо отура бербей, күрөшүшүбүз зарыл. Мурдагы камалгандар да, кийинки камалгандар да “буга чала болду, булар ушуну көрмөк” деп табалабай, баарыбыз биригишибиз керек. Анткени, кезек аларга да келип калышы мүмкүн. Күрөштүн баарын ушул жакка буруш керек. Биз өмүр бою Акаевдин, Бакиевдин авторитардык режими менен  күрөшүп келгенбиз. Эми Атамбаевдин беспредели болуп жатат. Көп саясатчылар башына түшкөндө чуркайт. Ага чейин “мага тийбесе болду” деп унчукпай отурат. Президент болсо “мен айтканды кылбасаң, сени да камайм” деп коркутуп алды. Эртең мүмкүн бул күн Чыныбайдын же дагы башкасынын башына түшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан баары биригип туруп, ушул өнөкөткө айланган башаламандыкты токтотуш керек.

- Турсунбек Акун “Текебаевге кылмыш иши козголгону Атамбаевге козголгону, Текебаевдин камалганы Атамбаевдин камалганы”- деди го?

- Туура, бирок Турсунбек Акун “президент өзүнө ор казды” деп Текебаевдин камалышы менен ал маселени көтөрбөй, түзүлгөн системанын күңгөй-тескейин  кеп кылышы керек. Биз Акаев түзүп кеткен Бакиев, Атамбаев  улантып жаткан системаны токтотушубуз керек. Болбосо, бир адамдын бийлиги орун алган, мыйзамдын диктатурасы жок система орун алып калды. Ошондуктан, баарыбыз биригип, ушул системаны жок кылуу үчүн күрөшүбүз керек. Турсунбек Акун да ушул системанын курмандыгы болгон. Ошондуктан, бардыгы биригиши керек. Атамбаевге “токтот, президенттик мөөнөтүң аяктаганча ушул системаны жок кыл”- дешибиз керек. Атамбаевди эле кетирсек, иш жайында болот дебешибиз керек. Анткени, Атамбаевден кийин келген президент да ушул система менен иш кыла бериши мүмкүн. Чынында эки революция тең бир адамдын диктатурасын токтотуу үчүн болгон. Демек, революция максатына жетпей калган.

- Азыр кимдин душманы көп?

- Убактылуу өкмөттүн душманы көп. Эмне үчүн дегенде биз революциячыл саясатчыларбыз. Акаевдин, Бакиевдин топтору. Менчиктеринен айрылып калган адамдардын баары бизди жаман көрөт. Кыскасы, бизди жакшы көргөн киши жок. Жаман көргөн киши көп. Анткени, биз система өзгөрткөн кишибиз. Система бүгүн үзүрүн бербейт. 30-40 жылдан кийин берет. Ошондо бизди баркташы мүмкүн. Азыр барктабайт.

Атамбаевге каршы биригип, аны кетирели дегенди токтотуп, президентке туш тараптан “жеке бийлигиңди токтот”- деген үнүбүздү жеткирип, ушул системаны ооздукташыбыз керек.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №08 (286), 8-март 2017-жыл.