К.Ташиев: "Керек болсо кызматкерлериӊерди “тирүү калкан” кылып тизип койгула"

Эмне дебейли, кандай сындабайлы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын аткарган, убадасында турган, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн убактысын да, ден-соолугун да аябаган чыныгы эл уулу экендиги талашсыз. Айрым учуларда эмоция менен катуу айтып, сүйлөп койсо да, анын болгон иш-аракеттери элдин, өлкөнүн коопсуздугун, өлкө ичиндеги туруктуулукту камсыз кылууга багытталгандыгынан кымындай да шек санабасак болот.

Акыркы убактардагы маал маалы менен орун алган Баткен аймагындагы чек ара конфликттери өлкөнүн коопсуздугуна эки эселеп көӊүл буруу, куралдуу күчтөрдү  күчтөндүрүү, армиянын сапатын арттыруу зарылдыктарын көрсөтүп жаткан. Буга дейре 30 жылдын ичинде алгачкы ирет өлкөбүздүн бюджеттик каражатына Түркиянын “Байрактар” атайын аскердик учуучу техникалары сатылып алынган болсо, өткөн жумада 2 млрд. сомго сатылып алынган 55 брондолгон “Тигр” машиналары, 50 жүк ташуучу “Камаз” аскердик техникалары өлкөбүзгө алып келинип, салтанаттуу тапшырылды. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын күч түзүмдөрүн тейлеген орун басары Камчыбек Ташиев жаӊы техникалар Баткен аймагынын коопсуздугун камсыз кылууга, чек араларды коргоого жөнөтүлөрүн билдирди. Бул эӊ туура чечим болду. Баткендин коопсуздугун, элдин тынчтыгын камсыз кылуудан каражат аяганга болбостугун мезгил көрсөтүүдө. Өлкөнүн тышкы коопсуздугун армияны күчтөндүрүү аркылуу гана камсыз кылуу мүмкүн.

Камчыбек Ташиевдин Россия-Украинадагы согуштук кырдаалдан улам орун алган азык-түлүк тартыштыгы боюнча маселени да өз көзөмөлүнө алгандыгы кубандырды. Тилекке каршы, бизде кырдаалдан пайдаланып, кызыл кулактык кылуу менен  бааларды негизсиз көтөрүп, капчыктарын кампайтууну көздөгөн ишкерлер, бизнес субьектилери жетишерлик. Азыркы күндө кошуна Казакстанда азык-түлүк таӊсыктыгы орун алып, баалар 1,5 эсеге кымбаттап кеткени маалым. Мына ушуга байланыштуу Камчыбек Ташиев чек ара кызматына катуу тапшырма берип, бир килограмм ун, шекер, суу май өлкөдөн сыртка чыгарылбашы керектигин баса белгиледи.

“Керек болсо кызматкерлериӊерди “тирүү калкан” кылып тизип койгула. Бир дагы тамак аш азыгы чыгарылбашы керек. Бажы кызматы начар иштеп атасыӊар. Азык түлүк коопсуздугун көзөмөлгө алгыла. Азыр башкы маселе ушул, калганы чечилет. Бажы кызматы, ИИМ, УКМК жана Салык кызматы чек араны карагыла. Бир килограмм ун, бир килограмм кумшекер чыкпасын! Эгерде алдыңарга коюлган тапшырмалар аткарылбаса, ушул үч министр башыӊар менен жооп бересиӊер!”,- деди.

Ошондой эле, К.Ташиев азык-түлүк коопсуздугу боюнча да кимдер жоопкер экендигин айтты. “Азык-түлүк коопсуздугу үчүн Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Каржы министри Алмаз Бакетаев жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке жоопкерчилик тартасыңар! Сиздер ундун, кумшекердин, дандын запасы канча экенин так билишинер керек. Алдын-ала каяктан сатып алыш керек, келишим түзүүгө даяр турушунар зарыл. Эгерде бул жаатта кандайдыр бир маселе жарала турган болсо, ушул үч министр жеке керт башынар менен жооп бересиңер!”,- деди ал.

Камчыбек мырзанын азык-түлүк коопсуздугу боюнча мындай катуу талаптарын колдобой коё албайбыз.  Бүгүнкүдөй абалда кызыл кулактык кылгандар, сыртка контрабандалык жол менен ташыгандар, аларды калкалагандар, азык-түлүк коопсуздугу үчүн матрезервде сакталгандарды базарга алып чыгып саткандар элге, өлкөгө чыккынчылык кылгандар катары бааланып, аларга аёо болбошу зарыл. Ансыз азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, оор кырдаалдан чыгуу кыйынга турат.

Мирлан Дүйшөнбаев

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (532) 30.03.2022-жыл