Өкмөт башчы Улукбек Марипов Айсулуу Тыныбекованы Украинанын борбору Киев шаарында өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетиши менен куттуктады.

Бул тууралуу Марипов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Урматтуу Айсулуу Болотовна! Алтын медалыңыз менен куттуктайм! Сиздердин жеңишиңиздерди кызыгуу менен көрүп, сыймыктануу менен кабыл алдык. Бүгүнкү жетишкендигиңиз тынымсыз эмгек, талыкпас машыгуулардын жыйынтыгы болду десем жаңылбайм. Сиздин жеңишиңиз элибиздин духун көтөрүп, жаштарыбыздын ишенимин бекемдеген жалпыбыздын сыймыгыбыз!”, – деп жазды Марипов.

Эске салсак, Тыныбекова Киевде өткөн эл аралык турнирде финалда украиналык балбан кызды 9:7 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Булак: govori.tv