Кыргызстандык жаш жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык мелдешке катышат
Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын уландар арасындагы улуттук курама командасынын мүчөлөрү 25-28-февраль күндөрү Минск шаарында (Беларусь) өтө турчу эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча уландар курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:
1. Ева Кадырова, СЧ;
2. Айнуска Калил кызы, СЧТ;
3. Карина Данилина, СЧ;
4. Сабина Батаджиева, СЧТ;
5. Артем Питченко, 1-разряд;
6. Рустам Рустамов, 1- разряд;
7. Акжол Токтосунов, 1- разряд;
8. Эльдияр Кадыров, 1- разряд;
9. Тимур Токтобаев, машыктыруучу;
10. Куштарбек Таштанбеков, улук машыктыруучу.
Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш-сапарга жөнөтүлөт.
Булак: Кабар