«UFC'нин» мушкери бразилиялык Жессика Андраде Валентина Шевченко менен беттешет.

Бул тууралуу Андраденин машыктыруучусу билдирди.

2020-жылы 18-октябрда Абу-Даби шаарында Андраде «UFC» уюмундагы жеңил салмак категориясындагы алгачкы беттешин өткөрүп, АКШлык Кэтлин Чукагянды жеңип алган.

«2020-жылы декабрь айында Валентина Шевченко менен беттеш өткөрүүнү сунушташты. Биз бул жолу 2-3 жолу сүйлөшкөнбүз. Бирок бизге ыңгайлуу болгон күндү күтүп жатабыз. Жессиканын кийинки беттеши 100 пайызга Валентина менен болот. Биз «UFC'ден» март же апрель айында беттеш өткөрүүнү суранганбыз. Жессиканын кийинки беттеши жаз мезгилинде өтүшү мүмкүн», - деди Андраденин машыктыруучусу.

Жессика Андраде 2019-жылы 11-майда АКШлык Роуз Намаюнасты жеңип, «UFC» уюмунун чемпиону аталган. Бирок кытайлык Вэйли Жанг менен болгон беттеште жеңилүү ызасын тартып, чемпиондук курун алдырып жиберген.

Валентина Шевченко соңку беттешин 2020-жылдын 21-ноябрында өткөрдү. Анда Шевченко бразилиялык Женнифер Майа менен беттешип, жеңил салмак категориясындагы чемпиондук курун төртүнчү ирет ийгиликтүү коргоп калган.

Булак: Баракелде