Айпери Медет кызы Дүйнө кубогунун жарым финалына чыкты

Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө кубогун жеңиш менен баштады.

Кыргызстандык спортчу бүгүн, 15-октябрда 76 кг салмак категориясында 1/4 финалдык баскычта болгариялык Мария Оряшкова менен беттешти. Айпери атаандашын 5:3 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды. Эми ал германиялык Аллин Роттер Фокен менен күрөшөт.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:45те башталат.

Ал эми 57 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан кыргызстандык Нураида Анаркулова 1/8 финалдык баскычта польшалык спортчуга 4:8 эсеби менен жеңилип калды.

Булак: Баракелде