Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду.

Шаршенбеков 60 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашты. Ал 1/8 финалдык баскычта беларусиялык Максим Казарскийди жеңип алган. Чейрек финалда кыргызстандык 2019-жылы Европа чемпиону жана 2018-жылы вице-чемпион болгон молдовалык Виктор Себануну 8:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда түркиялык Ахмет Уяр менен беттешип, аны 5:1 эсебинде жеңди.

Ал эми финалдык беттеште кыргызстандыктын атаандашы орусиялык Степан Марянян болду.

Беттеш 4: 4 эсебинде аяктап, Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болду.

Булак: Баракелде