Айсулуу Тыныбекова бүгүн Дүйнө кубогундагы биринчи беттешин өткөрөт

Айсулуу Тыныбекованын Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогундагы алгачкы атаандашы аныкталды.

Тыныбекова Дүйнө кубогунда 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашат жана мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштайт. Анын биринчи атаандашы румыниялык Крисца Тунде болмокчу.

Ошондой эле Дүйнө кубогунда Кыргызстандын атынан Нураида Анаркулова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы ат салышат.

Тыныбекова бүгүн, 14-декабрда күрөшүп баштаса, калгандары эртең, 15-декабрда күрөшөт.

Кыргызстандын балбан кыздарынын биринчи атаандаштары:

57 кг салмакка чейинки категорияда, 1/8 финалдык баскычта

Нураида Анаркулова - Патрисия Гиль (Польша);

62 кг салмакка чейинки категорияда, 1/8 финалдык баскычта

Айсулуу Тыныбекова - Крисца Тунде (Румыния);

68 кг салмакка чейинки категорияда, 1/4 финалдык баскычта

Мээрим Жуманазарова - Анна Садчанка (Беларусь);

76 кг салмакка чейинки категорияда, 1/4 финалдык баскычта

Айпери Медет кызы - Мария Оряшкова (Болгария).

Булак: Баракелде