Дүйнө кубогу-2020: Айсулуу Тыныбекованын атаандаштары кимдер?

 Бүгүн, 12-декабрда Сербияда баштала турган дүйнө кубогундагы күрөштө Айсулуу Тыныбекованын атаандаштары аныкталды.

Учурдагы дүйнө чемпиону 62 килограмм салмакка чейинки категорияда мелдешке катышат. Бул салмакка чейинки категорияда жалпы 12 спортчу катталган.

Алар:

- Татьяна Омельченко (Азербайджан);

- Лидия Перез Турино (Испания);

- Амелин Дуарре (Франция);

- Луиза Хельга Герда Ниемеш (Германия);

- Анна Хэлла Жель (Венгрия);

- Сонам (Индия);

- Аврора Кампанья (Италия);

- Криста Тунде Инце (Румыния);

- Любовь Овчарова (Россия);

- Кансу Аксой (Турция);

- Илона Прокопевнюк (Украина).

Бул турнирге Кыргызстандын кыз-келиндер командасынан 4 спортчу беттешке чыга турган болду. Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков.

Булак: баракелде