Кыргызстандык спортчу атаандашын 77 секундда жеңип, чемпион аталды.
15-ноябрда Москва шаарында «Колизей ММА» уюмунун аралаш уруш боюнча кезектеги турнири («Битва чемпионов 16») болуп өттү.
Турнирге Кыргызстандын 22 спортчусу катышты. Алардын ичинен 17 мушкер жеңишке жетишти (тогузу нокаут менен, бешөө муунтуу ыкмасы менен, үчөө судьялардын чечими менен).
57 кг салмакка чейинки категорияда чемпиондук кур үчүн кыргызстандык Марлес Каипов жана тажикстандык Мурод Бодуров беттешкен. Анын жыйынтыгында Камилов атаандашын 1 мүнөт 17 секундда муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.
Булак: Баракелде