Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасынын оюндары 7-августа кайра жанданат.

Бул тууралуу Кыргыз премьер-лигасынын маалымат катчысы Нурсултан Нурболот уулу “Азаттыкка” билдирди.

“4-августа, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасынын оюндарын улантууга уруксат берди. Кыргыз футболдук союзунун чечимине ылайык мелдеш эки айлампада жана бардык оюндар Кант шаарында өтөт”, - деди Нурсултан Нурболот уулу.

7-август күнү 1-турдун алкагында эки оюн өтүп, мында “Алай” менен “Абдыш-Ата”, “Илбирс” менен “Кара-Балта” командалары беттешет.

Коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу максатында оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт. Турнирди Кыргыз Спорт Тв каналы түз алып көрсөтөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган. Бул учур Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасынын 1-турунун оюндары жаңыдан гана башталган мезгилге туш келген. Дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин гана футбол клубдары 8-июндан тартып окуу-машыгууга уруксат алышты.

 
Азаттык