Абдулманап Нурмагомедов: "Мушташ өткөн аянтчада сен каалаган нерсени жасай аласың. Бирок анын сыртында тынч болушу керек..." 

 

Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана аралаш стилдин машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов уулун ирландиялык Конор Макгрегор менен болгон беттешинен кийинки жүрүм-туруму үчүн катуу жазалоого сөз берди.

 

Кечээ, 7-октябрда Хабиб Нурмагомедов Лас-Вегаста өткөн мушташта Макгрегорду жеңип, жеңил салмактагы чемпиондук титулун сактап калды. Мушташ бүтөрү менен россиялык мушкер Макгрегордун тобунун мүчөсү менен мушташып, ал массалык урушка айланып кеткен.

 

“Мушташ өткөн аянтчада сен каалаган нерсени жасай аласың. Бирок анын сыртында тынч болушу керек, ал жакта жөнөкөй адамдар турушат,- деген Абдулманап Нурмагомедов. – Мен ага санкцияларды киргизгенге мажбурмун. Алар UFC`никинен дагы катуу болот”.

 

UFC`нин башчысы Дэйна Уайт окуядан соң Нурмагомедов чемпиондук курунан ажыратылышы мүмкүн экендигин билдирген. Ошондой эле россиялык мушкер мушташ үчүн 2 миллион доллар өлчөмүндө гонорарды окуянын иликтөөсү аяктаганга чейин албай турганын айткан.

 

"КАБАР"