Кыргыз мушкери Тилек Жээнбеков Түштүк Кореянын "Аngels Fighting" уюмунун эрежесиз уруш боюнча чемпиону болду. 

 

"Angels Fighting-7" мелдешинин алкагында жарым оор салмак ченинде ваканттуу чемпиондук кур үчүн Тилек Жээнбеков түштүк кореялык спортчу Жун Су Лим менен беттешти. Кызуу беттештин жүрүшүндө Жээнбеков атаандашына таамай соккуларды узатып жатты. 1-раунддун соңунда Тилек Жээнбеков кореялык мушкерди жыгылтып, анын үстүнөн кубаттуу соккуларды узатып техникалык жеңишке ээ болду.

 

Муну менен Тилек Жээнбеков "Аngels Fighting" уюмунун чемпиондук курун жеңип алды.

 

Кыргыз мушкери Тилек Жээнбеков эрежесиз уруш боюнча дүйнөлүк рейтингде 5 миң мушкердин арасында 133-орунду ээлейт. Бул тууралуу маалымат жыйында Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.

 

Анын айтымында, эрежесиз уруш боюнча "Аngels Fighting" жана "WEF" уюмунун чемпиону Тилек Жээнбеков Орто Азиядагы эң мыкты мушкер.

 

"Азыркы тапта Тилек Жээнбеков Орто Азиядагы оор салмак ченинде эң мыкты мушкер болуп эсептелет. Бул чоң жетишкендик. Анткени Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдө күчтүү мушкерлер көп. Ошондой эле дүйнөдө оор салмак ченинде мушташкан 5 миңден ашуун мушкер бар болсо, Тилек Жээнбеков алардын арасында 133-орунду ээлейт. Бул абдан жакшы көрсөткүч деп ойлойм. Биздин план боюнча, ал 1 жылдын ичинде дүйнөнүн 50 мыкты мушкеринин тизмесине кирет. Бул көрсөткүчкө жетсек UFC'ге түз жолдомо ала алабыз. Тилек Жээнбековдун дүйнөлүк рейтингдеги көрсөткүчтөрү жогорулап турса, ал эң беделдүү оюндарда күчүн сынай алат”,- дейт Кыдырмышев.

 

Маалымат жыйындын жүрүшүндө спортчу Тилек Жээнбековду ар-тармактуу колдоп келген ишкер, Тилектин менеджери Курманбек Байтереков төмөнкүлөргө токтолду .

 

“Биринчиден, баарыңарга  кыргыздын сыймыгы болгон спортчубуз Тилек Жээнбековду колдоп келгениңер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Менимче биз баарыбыз биргеликте Тилекке окшогон таланттуу жигиттерибизди колдоого милдеттүүбүз. Анткени алар Кыргызстандын атагын дүйнөгө даңазалап, желегин желбиретип жатышат. Булардын жеңиштеринин артынан Кыргызстанды дүйнө эли таанып жатат. Тилек Жээнбеков өзүнүн кажыбас кайраты, талыкпаган эмгеги, жана алдыга карай умтулган принциби менен ушундай бийик деңгээлге жетип, бийиктиктерди багынтып олтурат. Тилектин Түштүк Кореялык атаандашы  күчтүү, күжүрмөн даярдыктан өткөн профессионал спортчу болду. Ал жакта бир эле спортчуну даярдоого опол-тоодой каражат бөлүнүп берилет. Ал эми бизде тескерисинче спортчуларыбыз мындай чоң турнирлерге катышуу үчүн, каражат тартыштыгынан демөөрчүлөрдү издеп убара тартып жүрүшөт. Андыктан, өлкөдөгү бизнесмендерди чакырат элем, ар-бир ишкер бирден спортчуну колуна алып, ага кам көрүүгө багыт алса мен ойлойм таланттуу спортчулардын катары калыңдайт эле. Ошондо гана биз таланттуу спортчуларды тарбиялап, өлкөбүздүн спорт тармагын өркүндөтөөр элек.” – дейт Байтереков.

 

Кыргыз желегин дүйнөгө желбиретип, улут сыймыгына арзыган спортчубуз Тилек  Жээнбековго мындан дагы жогору бийиктиктерди багынта берүүсүнө тилектешпиз. Келечекте, Тилек Жээнбеков акыркы маегинде айтып өткөндөй  UFCни багынтып, дүйнө чепиондору Александр Емельяненко жана Андрей Орловскийлер менен болгон беттештерин көрүп калаарбыз.

Айта кетсек, Тилек Жээнбеков - оор салмак ченинде Дүйнөлүк кулатуу федерациясы "WEF'тин" чемпиондук курунун ээси.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №29 (366), 08.08.2018-ж.