О, футбол! 

 

Россияда өтүп жаткан дүйнөлүк футбол чемпионаты таптакыр түшкө кирбеген жыйынтыктары менен күйөрмандардын бүйүрүн кызытууда. Мисалы, буга чейин кубокту жеңип алуу мүмкүнчүлүгү боюнча бардык 32 команданын көч башында келе жаткан Германия тайпадагы акыркы оюнунда Түштүк Кореяга 2:0 эсебинде жеңилип, үйүнө кайтууга аргасыз болгон. Демейде, Левандовски баш болгон Польшаны да күчтүү команда катары эсептеп жүрсөк, булар да тайпадан чыга албай калышты. Бирок, баарынан да Испаниянын 1/8 финалдык баскычта Россияга алы жетпей, үйүнө кайтканы кызык болду.

 

Плей-офф.  1/8 финалдар

 

Бразилия - Мексика 2:0

 

Самара Арена

көрүүчүлөр: 41 970

 

Азырынча Бразилия курама командасынын жолунда чындыгында күчтүү команда жолуга элек. “Пари-Сен-Жермендин” чабуулчусу Неймар суктана турган оюн көрсөтө албаса да, оюн учурунда кез келген мүмкүнчүлүктөрүн так колдонуп келе жатат. Бул оюнда ал алгач өзү гол жаратып, беттеш бүтөрүнө аз калганда Фирминого голдук пас берди.

 

Бельгия - Япония 3:2

 

Ростов Арена

көрүүчүлөр: 41 466

 

Плей-офф башталгандан берки эң кооз оюнду ушул жуп тартуулады. Беттешүүнүн биринчи бөлүгүндө командалар бирин-бири аңдып олтуруп, бир да гол жарата алышкан жок. Экинчи тайм башталаар замат, 48-мүнөттө жапондук чабуулчу Харагучи Сибасакинин диагоналдык пасынан пайдаланып, топту дарбазага таамай багыттады. Төрт мүнөттөн кийин Инуи 23-24 метрден пушканын ядросундай эле топту дарбазага тыга салды. 2:0дон кийин Жапониянын күйөрмандары бул бакытка ишене албай, ыйлап да алышты. Европанын топ-клубдарындагы жылдыздардан чогулган Бельгияга жапондордун дарбазачысы жардамга келбегенде оюн кандай аяктайт эле, бир Кудай билет. Анткени, 69-минутада Вертонген башы менен алыстан дарбазага багыттаган соккусун голкипер оной эле тосушу керек болчу. Бирок, айланып олтурган топ так дарбазанын ичине түштү. Бир голдон кийин бельгиялыктар чындап күчтөнүштү. “Челсинин” чабуулчусу Эден Азардын чыгарып берген тобун 74-мүнөттө жаңыдан оюнган кошулган Феллайни башы менен сүзүп, гол жаратты. Эсеп тең – 2:2. 90 мүнөт бүткөндө күйөрмандар кошумча 15-минуттук эки таймга даярдана баштаган болчу. Бирок, 95-мүнөттө чуулгандуу каршы чабуулдун жыйынтыгында Шадли гол жаратып, Бельгияны чейрек финалга алып чыкты. Бельгия чейрек финалда Бразилия менен ойнойт.

 

Испания – Россия 1:1 (пен. 3:4)

 

Москва, Лужники

көрүүчүлөр: 78 011

 

Букмерерлер, футбол комментаторлору, эксперттер, көзү ачыктар бүт баары бир ооздон кийинки баскычка Испания чыгаарын болжошкон. Алардын айтканы 12-мүнөттө Игнашевичтин автоголунан кийин далилдене баштаган. Бирок, 41-мүнөттө испан коргоочусу өз айып талаасында кол менен ойноп, Дзюба 11 метрлик айып тобун мыкты аткарды – 1:1. Россиянын машыктыруучусу Станислав Черчесов бул сапар коргонуу тактикасын карманды. “Реал”, “Барселона” сыяктуу дөө-шаа клубдардын лидер футболчулары канча аракет кылбасын, орусиялыктардын коргонуу чебин оюндун негизги бөлүгүндө да, экстра-таймдарда да буза алышкан жок. Анын жыйынтыгында оюндан кийинки пенальти тебүү дайындалды. Эми өз чеберчилигин Игорь Акинфеев көрсөтүп, эки жолу 11 метрлик соккуну кайтара алып, өз командасын чейрек финалга алып чыкты.

 

Хорватия – Дания 1:1 (пен. 3:2)

 

Нижний Новгород

көрүүчүлөр: 40 851

 

Оюндун биринчи мүнөтүндө Даниянын коргоочусу Йоргенсен күтүүсүз жерден гол жаратты. Бирок, “Ювентустун” борбордук чабуулчусу Марио Манджукич 4-мүнөттө каршы гол киргизип, эсепти теңеген – 1:1. Экстра-таймдын экинчи бөлүгү аяктап калганда хорваттардын пайдасына пенальти дайындалган менен, “Лестер ситинин” дарбазачысы Каспер Шмехель аны тосуп, командасын пенальти тебүү чүчүкулагына сүйрөп өттү. Шмехель анда да эки ирет хорваттардын соккусун тосту. Бирок, хорваттар баары бир жеңди! Эми хорваттар мундиалдын ээси Россия менен чейрек финалда кез келет.

 

Франция- Аргентина 4:3

 

Казань Арена

көрүүчүлөр: 42 873

 

Месси баш болгон аргентиналыктар мундиалды жеңүү үчүн келгенин башынан жашырышкан эмес. Анүчүн оболу 1/8 финалда Францияны жеңиши керек болчу. 13-мүнөттө Аргентинанын коргоочусу Мбаппени жыгып, пенальти дайындалып, аны Гризманн таамай аткарды. 41-мүнөттө “ПСЖнын” жарым коргоочусу Ди Мария эсепти эң кооз голу менен теңеди – 1:1. Экинчи таймдын башында Мессинин пасынан кийин Меркадо аргентиналыктарды алдыга чыгарды – 1:2. Көп өтпөй француз коргоочусу Павар балким, чемпионаттагы эң кооз голдун бирин жаратып, эсепти теңеди – 2:2. 64-минутада өз сөзүн айтуу кезеги “ПСЖнын” жаш жылдызы, 19 жаштагы вундеркинд Килиан Мбаппеге келди, ал аргентин айып аянтындагы башаламандыктан пайдаланып, топко ээлик кылуу менен, дарбазага киргизе алды - 3:2. 68-мүнөттө ошол эле Мбаппе француздардын төртүнчү голун жаратты – 4:2.  93-мүнөттө гана Агуэро эсеп айырмачылыгын азайта алган, жалпы эсеп 4:3 Франциянын пайдасына.

 

Уругвай – Португалия 2:1

 

“ПСЖнын” чабуулчусу Эдисон Каванинин 7-62-минутадагы эки голу Уругвайды чейрек финалга алып чыкты. Роналду баш болгон португалиялыктардын жалгыз голун 55-мүнөттө Пепе жараткан. Ошентип, Мессинин артынан Криштиану Роналду да биринчиликтен медаль тагынбай, суз маанайда үйүнө кайтты. Уругвай Франция менен чейрек финалда кездешет.

 

Швеция - Швейцария 1:0

 

Санкт-Петербургдагы стадионго бул оюнду көрүүгө 64 042 киши келгени айтылды. Швед жарым коргоочусу Форсбергдин 66-мүнөттөгү кокусунан жаралган голунан башка бул оюн тууралуу айта турган деле кызык жок. Бул плей-офф баскычындагы эң кызыксыз беттешүү болду.

 

Колумбия - Англия 1:1 (пенальтиден - 3:4)

 

Спартак аренадагы бул оюнга 44 190 көрүүчү келген. Эки тарап тең аракет кылганына карабастан, биринчи 45 мүнөттүктө эсеп ачылбады. Тыныгуудан кийин колумбиялыктардын дарбазасына 11 метрлик айып тобу дайындалып, Кейн гол киргизди. Башкы жылдызы Хамес Родригес жаракатына байланыштуу бул оюнга катыша албай калган колумбиялыктар чабуул артынан чабуул жасап олтуруп, оюн бүтөрүндө, 93-мүнөттө эсепти теңеген. Бурчтаны чыгарылып берилген топту колумбиялык коргоочу Мина башы менен сүзүп дарбазага киргизди. 15 минуттук экстра-таймдарда гол жаралган жок. Ал эми 11  метрлик оюндан кийинки пенальти тебүүдөн Англия күчтүү болуп чыкты.

 

Булак: “Саясат.kg

Тема: