Бишкек, "Саясат.kg". КТРК Спорт каналынын комментаторлору жөнүндө 

 

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков: “Футбол боюнча дүйнө чемпионаты болуп башталгандан бери КТРК Спорт каналын, ал жерде иштеп жаткан комментаторлорун сөкпөгөн киши аз эле калды го”- деп жазыптыр.

 

Андан кийин төмөнкү маселелерге токтолуптур:

 

“1. Бизде орусиядагыдай 40-50 жылдык спорт каналындай тарыхыбыз жок, спорт комментаторлор мектебин, курстарын коелу, университеттерибизде андай багыт эмес жыты дагы жок. Ушундай шартта өлкөбүздө 2 жыл мурда Спорт канал пайда болуп, балдар комментаторлук кесибин өзүлөрү, эч бир мамлекет же башка тараптан колдоо жок өздөштүрүп аракет кылып, жаңы кадамдарын шилтеп жатканда колдоп койсо болот болду бекен, же бул чектен ашкан суранычпы?

 

2. КТРК Спорт каналынын штатында комментатор деген түшүнүк жок, ал эмес жөн эле журналист деген штат дагы бөлүнгөн эмес. Демек комментатор балдар айлык албайт. Футбол сүйүүчүлөр, өз ыктыяры менен келип 600-700 сом гонорарга иштеп беришет. Ушундай абалда ката кылып атышса дагы балдарга рахмат айтса болобу же рахмат айтмак турсун, сөккөнгө эле татыктуу балдарбы?

 

3. “Кыргыз тилин өнүктүрүш керек, орусча сүйлөп, орусча социалдык тармактарда жазып аткан суволчтарды өлтүрүш керек, булар кыргыздын душмандары, КТРКны толугу менен кыргызча кылыш керек”- деген эр патриотторубуздун үнү угулбай калды го? Тескерисинче “орусиянын Матч ТВсындагы орусча комментаторду угат элек, кыргызча комментатор бок жейт экен”- деп калыптырбыз го айрымдарыбыз? Андан көрө ушу баштап келаткан кыргызча комментатор балдарыбызды катасы үчүн сөккөндүн ордуна, “балдар азаматсыңар, иш болгон жерде жаңылыш боло берет, ката көп, бирок аракетиңерди таштабагыла, бул дагы болсо спорттун, кыргыз тилинин өнүгүшүнө силердин салымыңар” деп колдоп, сүрөп, үйрөтсөк болот болду бекен?

 

4. Мейли сындайлы, сын-пикир айталы. Бирок, сөзсүз сөгүп-сагып, жеке турмушуна чейин шалбыратып, жеке аттарын, жеке жашоодогу жүргөн-турганына чейин итин чыгарып атабыз. Ушул туура багыттагы колдоо, тарбиябы? Бул балдар деле биздин кыргыздын эле балдары го? Душман эмес, четтен жоо чаап келген жок, миллион акча жеп аткан жери жок... биздин, өзүбүздүн эле аракеттенип аткан жаш, болочокто биздин ишти улай турган балдар го?”.

 

Илим мырзанын айткан-дегендеринде калет жок, баары туура. Колдорунан келишинче аракет жасашууда. Бирок, дүйнөлүк мундиалдын качан болору бешиктеги балага деле дайын болчу. КТРКдагы ички интригадан бир аз колун бошотуп, ушул балдарды чет мамлекеттерге жөнөтүп, тажрыйбасын арттырууга аракет жасаса болбойт беле? 600 сом гонорарга иштешерин айтыптыр. Илимдин өзүнө кошоматчылык кылгандан башкага жарабаган айрым журналисттерди жумуштан айдап, ордуна ушул балдарга айлык төлөсө болбойбу? Же футболдун шылтоосу менен жарнамадан түшүп жаткан эбегейсиз каражаттан бул балдарга сыйлык акы бөлүп, кубантып койсо ага ким тоскоолдук жасап жатат. Эл-журтка опурулгандан көрө, Илим ушул жактарына көңүл бурса, чемпионатты көрүү ар бирибиз үчүн эки эсе майрам болмок....