Айсулуу Тыныбекова Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда экинчи ирет алтын медалды жеңип алып, Кыргызстандын желегин желбиретти

 

Белгилүү балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда экинчи ирет алтын медалды жеңип алып, Кыргызстандын желегин желбиретти. Ал 58 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, жалпысынан үч беттеш өткөрүп, атаандаштарын чоң упайлык айырма менен жеңгендиги да кош кубаныч болду. Чейрек финалда казакстандык Гүлшахарат Таласованы 10:0 эсебинде, жарым финалда жапониялык Катсуки Сакагамини 6:4 эсебинде таза жеңди. Финалда болсо индиялык Сарита Сарита менен таймашып 6:0 эсебинде утуп алды. Айсулуу былтыр да Азия  чемпиону болгон. Жалпысынан бул мелдешке 23 өлкөдөн 122 балбан катышса, кыргызстандыктар азырынча 7-орунда келатат. Кытай, Япония, Түштүк Корея, жада калса кошуна Казакстан менен Өзбекстан сыяктуу шарты да, саны да көп командалар менен килемде күрөшүү чоң күч менен эркти талап кыларын эске алганда, биздин балбандардын ийгилиги жаман эмес. Эгер мамлекетибиз каржы жагынан эле бир аз колдоо көрсөтүп койсо, кыргыз спортчулары далай эл аралык мелдештерде жеңишке жетишеринен шек жок. Ылайым эле Айсулуудай кыргыз кыздары көп болсун.

 

Булак: “Майдан.kg гезити