Ал CJJ мелдешинде 85 килограмм салмактагылар арасында чейрек финалдан баштап, биринчи орунду ээледи.
Кыргызстандык спортчу Бакыт Кадыров Испаниянын Мадрид шаарында өткөн жиу-житсу боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.
Ал CJJ мелдешинде 85 килограмм салмактагылар арасында чейрек финалдан баштап, биринчи орунду ээледи.
Кыргызстандык спортчу биринчи беттешинде латвиялык Алексей Зайцевди 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалда испаниялык Хосе Фернандести жеңди.
Финалда Бакыт Кадыров бельгиялык атаандашы Мишель Мерси менен беттешип, ишенимдүү түрдө 10:0 эсебинде жеңишке жетти.