Биринчилик бүгүн, 3-декабрда, башталмак.

Кыргызстандык спортчулардын виза маселесинен улам Бириккен Араб Эмирликтеринде өтө турган бокс боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш салтанатын 4-декабрга жылды. Бул тууралуу Мамлекеттик спорт агенттиги билдирди.

Эскерте кетсек, биринчилик бүгүн, 3-декабрда, башталмак.

Буга чейин кыргыз спортчуларынын виза албай калганы маалымдалып, кийинчерээк Бокс федерациясы көйгөй чечилгенин айткан болчу.

Турнир Дубай шаарында өтөт.

Булак: sputnik.kg