Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бишкекте футзал боюнча 2026-жылкы Азия Кубогунун "F" тайпасындагы тандоо оюндарынын жыйынтыктоочу туру болуп өттү.
Кечээ, Бишкекте футзал боюнча 2026-жылкы Азия Кубогунун "F" тайпасындагы тандоо оюндарынын жыйынтыктоочу туру болуп өттү. Кыргызстандын улуттук курама командасы тайпадагы башкы атаандаш – Өзбекстандын командасы менен кез келип, күйөрмандар күткөн кызыктуу оюнда 3:2 эсебинде жеңишке жетишти.
Голдун авторлору:
-
Максат Алимов (14-мүнөт)
-
Самат Жанат уулу (22-мүнөт)
-
Кайрат Кубанычов (25-мүнөт)
Бул жеңиш менен Кыргызстандын курамасы 9 упай топтоп, тайпада биринчи орунду ээлеп, Азия Кубогунун финалдык баскычына түз жолдомо алды.
Мурунку оюндардын жыйынтыктары:
-
Кыргызстан 9:1 Чыгыш Тимор
-
Кыргызстан 2:1 Палестина
Жалпысынан үч оюндан кийин турнирдик таблица төмөнкүдөй болду:
-
Кыргызстан – 9 упай
-
Өзбекстан – 6 упай
-
Чыгыш Тимор – 3 упай
-
Палестина – 0 упай
Кыргызстандын курама командасы испаниялык машыктыруучу Луис Бернат Молинанын жетекчилиги астында тайпалык баскычты ийгиликтүү аяктады. Эми алар 2026-жылдын 14-31-май күндөрү Индонезияда өтө турган Азия Кубогунун финалдык баскычына катышат.
Эскерте кетсек, финалга тайпаларда биринчи орунду ээлеген 8 команда, ошондой эле экинчи орунду ээлеген мыкты 7 команда жана турнирдин ээси жолдомо алат. Жалпы эсепте континенттин 16 мыкты командасы күч сынашат.
Булак: koom.press