Бишкек, "САЯСАТ.KG". Дүйнө чемпонаты 17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында өттү.

 🥇Дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиев Кыргызстанга келди Бүгүн, 26-августта 20  жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатынын грек-рим күрөшү  боюнча 67 кг салмактык категориядагы дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиев  Кыргызстанга кайтып келди. Аны ...

Бүгүн, 26-августта 20 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатынын (U-20) грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмактык категориядагы дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиев Кыргызстанга кайтып келди.

Дүйнө чемпионун “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчунун жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Дүйнө чемпонаты 17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында өттү. Ал сегиз күнгө созулуп, алгач эркин күрөш, андан соң кыз-келиндер арасында күрөш, ал эми 24-августта грек-рим күрөшү менен жыйынтыкталган.

Булак: govori.tv