Бишкек, "САЯСАТ.KG". Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана «Алга» футбол клубунун стадионунда өтөт.

15–23-июль күндөрү Бишкек шаарында футбол боюнча олимпиадалык курамалар арасында (U-23) «Төрт улуттун эл аралык футбол мелдеши» өтөт. Бул турнирге Кыргызстандын олимпиадалык (U-23) курама командасы жана Оман, Бахрейн, Сирия мамлекеттеринин курамалары катышат.

Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана «Алга» футбол клубунун стадионунда өтөт.

Белгилей кетсек, мелдеш 1–9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турчу Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы, E тайпасына Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.

Мелдештин жүгүртмөсү:

  • 17-июль –19:00 Оман – Бахрейн (ФК “Алга”)
    21:00 Кыргызстан – Сирия (Д. Өмүрзаков стадиону)
  • 20-июль – 19:00 Сирия – Бахрейн (ФК “Алга”)
    21:00 Кыргызстан – Оман (Д. Өмүрзаков стадиону)
  • 23-июль – 19:00 Оман – Сирия (ФК “Алга”)
    21:00 Кыргызстан – Бахрейн (Д. Өмүрзаков стадиону)

Булак: 7 канал