Бишкек, "САЯСАТ.KG". Командалык эсепте Кыргызстан 168 упай менен 3-орунду ээледи.

510845670_18361883833196946_4714058317541015841_n.jpg

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы (U-17) Азия чемпионатында 2 алтын, 3 күмүш, 2 коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Вьетнамдын Вунг Тау шаарында өттү.

Командалык эсепте Кыргызстан 168 упай менен 3-орунду ээледи.

Алтын медаль ээлери:
51 кг Ислам Курбанов;
55 кг Алихан Абдрасулов;

Күмүш медаль ээлери:
60 кг Эмир Эмилов;
65 кг Нурбек Жумабаев;
71 кг Кубаныч Анарбеков;

Коло медаль ээлери:
45 кг Байгелди Өмүрбеков;
92 кг Санжар Сталбеков;

Курама команда улук машыктыруучу Дастан Мухтаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.