Бишкек, "Саясат.kg". Алдыңкы үчтүктү Олимпиада чемпиону Кеничиро Фумита жыйынтыктады.
Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков UWW дүйнөлүк рейтингинде 2-орунга түштү.
Жаңыланган рейтинг Албанияда өткөн олимпиадалык эмес салмак категориялары боюнча дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.
Шаршенбеков жаңыланган рейтингде Париждеги Олимпиада оюндарынын финалисти кытайлык Лиго Цаодон кийинки 2-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктү Олимпиада чемпиону Кеничиро Фумита жыйынтыктады.
Акжол Махмудов 5-орунга, Үзүр Жузупбеков 7-орунга түштү.