Финалда Александр Руминге 2:0 эсебинде утулуп, 2-орунду ээледи

Мээрим Жуманазарованын машыктыруучусу Чынарбек Изабеков күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту.

Турнир Хорватияда өтүп, ага 35 жаштан 60 жашка чейинки спортчулар катышууда.

Изабеков 9-октябрда эркин күрөш боюнча 100 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, монголиялык, грециялык, латвиялык спортчуларды жеңип финалга чыкты. Финалда Александр Руминге 2:0 эсебинде утулуп, 2-орунду ээледи.

Булак: kaktus.kg