Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде дагы төрт тепкичке артка кетип, 210 кураманын ичинен 106-орунду ээледи.
19-сентябрда жарыяланган рейтингдин көч башында Аргентина, Франция жана Испания турат.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын курамасы бир тепкич өйдө көтөрүлүп 60-орунга, Тажикстан 103-орунга илинди. Казакстан 109-орунга жазылып, буга чейинки көрсөткүчүн сактап калды.
Булак: "Азаттык"