Бирок, финалдык оюн чыр менен коштолду.
Көкпар боюнча финалдык беттеш Казакстандын пайдасына 4:5 эсеби менен жыйынтыкталып, бирок бир катар суроолор менен коштолду
Негизги убакыт 4:4 упай менен аяктаган. Көкпардын эрежеси боюнча кошумча 10 мүнөт берилип, кайсы команда улакты биринчи салса, ошол жеңүүчү деп табылат.
Кошумча убакыт берилгенде казак улакчысы калыстын ышкырыгы жаңырганга чейин эле эңкейип улакты ала калды. Калыс да оюнду улантып кетти. Мындай учур оюндун башынан аягына чейин эле болуп жатты.
Оюнду тейлеген калыс Казакстан көкпар командасынын бешинчи "оюнчусундай" эле аракет кылганы көрүнүп турду.
Көпчүлүк ал калыс бир командага ачык эле жан тартканын жазып жатышат.
Беттеш Көчмөндөрдүн дүйнөлүк V оюндарынын алкагында Астана шаарында өттү.
Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстан финалдык беттеш боюнча нааразычылык билдирип, оюнду кайра өткөрүүнү талап кылууда
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG