Бишкек, "Саясат.kg". Спорттун эки түрүндө тең атаандаштар ири эсепте утулушту

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрү боюнча командасы алгачкы беттешинде Өзбекстан командасын 12:6 эсебинде жеңип алды.

Натыйжада кыргыз спортчулары “А” тайпасында биринчи орунду камсыздады. Бул топто экөөнөн тышкары Россиянын улакчылары бар. 

Буга чейин биздин команда көк-пар боюнча Монголия командасын 16:0 менен жеңип алган.