Бишкек, "Саясат.kg". Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) билдирди.
Учурда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун реконструкциясынын 90 пайызы бүткөн. Жаңыланган борбордук стадион эл аралык маанидеги оюндарды өткөрүүгө ылайыкташып, күйөрмандар электрондук турникет аркылуу киргизиле баштайт.
Жаңыланган стадиондогу биринчи оюн 10-сентябрда өтөт. Анда, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо баскычынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук курама командалары беттешет.