Мындай чечимди Кыргыз футбол биримдиги кабыл алган
Кыргыз футбол биримдиги “Мурас Юнайтед” футболдук клубунун мурдагы оюнчусу Мирбек Ахматалиев футболго тиешелүү баардык ишмердүүлүктөн беш жылга четтетилгенин кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Мурас Юнайтеддин”жетекчилигинен машыктыруучулар штабы жана клубдун спорт директору иштен алынганы тууралуу кат келген. Ага ушул жылдын 15-августунда Бишкектеги “Сельмаш” стадионунда команданын машыгуусу учурунда клубдун оюнчулары мушташып кеткени негиз болгон. Мушташтан клубдун чет элдик оюнчусу Евгений Терсинин жаагы сынган. Бул окуядан кийин клуб Мирбек Ахматалиев менен эмгек келишимин токтоткон.
Булак: Азаттык