Бишкек, "Саясат.kg". Ал америкалык балбан менен беттешти.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында, кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин финалында америкалык Эмит Элор менен беттешип, андан 0:3 эсебинде жеңилип калды.  

Аны менен Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Бул Кыргызстандын Олимпиада оюндарындагы биринчи күмүш медалы.

Эске салсак, спортчу 1/4 финалда япониялык спортчу Нонока Озаки менен күч сынашып, 8:6 упай менен жарым финалга аттанган. 

Жарым финалда  нигериялык Блессинг Оборудуду менен күрөшүп, атаандашын 3:1 упай менен жеңип финалга чыккан.