Бишкек, "Саясат.kg". 1/2 финал кармашынан кийин дароо медаль үчүн күч сынашуу башталат. 

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 6-августта Кыргызстандан барган төрт спортчу килемге чыгышат. 

Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков грек-рим күрөшү боюнча турнирде ат салышат. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча 15:00дө башталат, ал эми саат 22:15те жарым финалдык мелдешке чыгышат. 

1/2 финал кармашынан кийин дароо медаль үчүн күч сынашуу башталат. 

Биринчи кармашта Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Ал 60 кг салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль үчүн кармашат. Атаандашы Кубадан же Ирандан келген спортчу болушу ыктымал, азырынча так аныктала элек. 

Беттеш соңунда 68 кг салмак категориясындагы кыз-келиндер арасында эркин күрөш орун алат. Алар алтын медаль үчүн кармашат. Килемге Мээрим Жуманазарова Америкадан келген спортчу менен күч сынашат.