Бишкек, "Саясат.kg". Мелдеш 6-8-июнь күндөрү Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн.

Алгачкы паралимпиадачы нормативди аткарып, Париждеги (Франция) Паралимпиада оюндарына катышуу үчүн тандоодон өттү.

Гүлназ Жузбаева (көзү азиз) гайды Юлия Фернас менен 1500 метр аралыкты 6:18 убакытта чуркап өтүп, жеңил атлетика боюнча Парижде өтө турчу Паралимпиадалык оюндарга катышуу нормативин аткарды.

Мелдеш 6-8-июнь күндөрү Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн.

Мелдештин жыйынтыгында Гүлназ бир алтын жана бир күмүш медалга ээ болду.

Бул өлкөбүздүн тарыхында нормативди аткара алган биринчи көзү азиз кыз.