Бишкек, "Саясат.kg". Паралимпиада Париж шаарында 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. 

Кыргызстандын Паралимпиадага лицензия жеңип алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында маданият министринин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди. 

Ал белгилегендей, бул спорттун парадзюдо, жуптук жеңил атлетика, жуптук триатлон сыяктуу түрлөрү.

"Парапалимпиадага даярданууга ушул жылдын беш айында 4,5 миллион сом коротулду, ал эми жумушчу сапарларга 11 миллион сом", - деди Абдымомунов. 

Эске салсак, Паралимпиада Париж шаарында 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.