Бишкек, "Саясат.kg". Башкы тренер Камчыбек Ташиевди КФС президенти болуп шайланышы менен куттуктады. 

Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев 22-февралда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы тренери Штефан Таркович менен жолугушту. 

Бул тууралуу аталган союздан билдиришти. 

Маалыматка караганда, башкы тренер Камчыбек Ташиевди КФС президенти болуп шайланышы менен куттуктады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө президент жана башкы тренер курама команданы 2026-жылы боло турчу Дүйнө чемпионатынын квалификациялык беттешине даярдоону талкуулашты.