Бишкек, "Саясат.kg". Россиядан келген балбанды жеңип, алтын медалдын ээси болду.
Кыргызстандын жиу-житсу боюнча курама командасынын мүчөсү Эрали Аскарбек уулу Дүйнө чемпионатында алтын медаль алганын Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Маалыматка караганда, Эрали Аскарбек уулу 62 кг чейинки салмак категориясында катышып, жалпысынан беш кармаш өткөргөн жана баарында тең жеңип чыккан. Ал эми финалдык беттеште Россиядан келген балбанды жеңип, алтын медалдын ээси болду.
Эске салсак, профессиналдар арасында жиу-житсу боюнча 15-Дүйнө чемпионаты 5-10-ноябрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп, ага 127 өлкөдөн келген 7 миң спортчу катышты.