Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстандык спортчу 56 кг салмак категориясында беттешти.

Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Авазбек Аманбеков Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарында коло медалб алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти жарыялады.

Кыргызстандык спортчу 56 кг салмак категориясында беттешти.

Аманбеков Авазбек алгач непалдык спортчуну 2:0 эсебинде, чейрек финалда таиланддык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеш Аманбековдун филиппиндик спортчуга 2:0 жеңилүүсү менен аяктады.

Белгилей кетсек, бул байге кыргыз ушу саньда тарыхында спортчулардын жайкы Азия оюндарындарындагы алгачкы медалы болду.

Учурда Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкө катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. Азия оюндары 8-октябрга чейин уланат.