Бишкек, "Саясат.kg". Ал үчүнчү ирет Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утту.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утту.

Финалда Айсулуу Тыныбекова Япониядан келген балбан менен кез келип, аны 4:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болду.

Айсулуу Тыныбекова карьерасында үчүнчү ирет Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утту.

Беттештен кийин машыктыруучу Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованы көтөрүп алып килемди айланып чуркады.