Белгилей кетсек, финалда кыргызстандык жаракат алган.

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова  Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду.

62 килограммга чейинки салмак ченинде ал япониялык спортчу Нонока Озакиге 9:1 эсебинде утулуп калды.

Белгилей кетсек, финалда кыргызстандык жаракат алган.

Буга чейин Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынса, Айпери Медет кызы Азия чемпиону болгон.

Булак: reporter.kg