Бишкек, "Саясат. kg".  Билим берүү жаатындагы жагымдуу кабар.

Өлкөбүздөгү “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары эл аралык олимпиадада кезектеги  ийгиликтерге жетишти. 
Ахмад аль-Фергани эл аралык 1-физика боюнча элимпиада (IAFPhO 2021) Өзбекстандын Фергана шаарында ушул жылдын 8-13-ноябрь күндөрү өткөрүлгөн. Ага 19 өлкөнүн окуучулары катышты. Кыргызстандын окуучулары  олимпиадага оффлайн форматында катышып келишти. Кыргызстандын курамасына 8 окуучу кирип, аларды мугалимдер Садирбек Муратов, Доктурбек Кудашов жана Сүйүн Умарова жетектеп барышты. Олимпиаданын жыйынтыгы менен Кадамжайдагы “Семетей” лицейинин окуучусу Сапарбек уулу Денис, Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы лицейдин окуучусу Нияз Жусупбеков жана Жайыл баатыр атындагы лицейдин окуучусу Бекали Гартман коло медалдарга ээ болушту. 
Акыркы жылдары эл аралык олимпиадалар “Сапаттын” окуучуларысыз өтпөй калды. Бул жагынан алганда, “Сапат” Кыргызстандын жалпы билим берүүсүнүн эл аралык аренадагы жүзүнө айланып баратат.  “Сапаттан” билим алып жаткандарга мындан ары да ийгиликтерди, жеңиштерди каалайбыз.