Бир мандаттуу округ жана ага кайра-кайра шайлоо өткөрүү бюджетке чоң чыгым алып келет. Мындай пикирин депутат Айнуру Алтыбаева "Шайлоо тууралуу" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук угууда билдирди.
Ал эки палаталуу парламентке кайтууну сунуштады эле, депутат Гүлшат Асылбаева аны колдоого алды.
"Эки палаталуу - мыйзам чыгаруу жыйыны жана эл өкүлдөр - парламентине кайтуу туура болмок. 35 депутат мыйзам чыгаруу жыйынында иштешсе, ал жакка сапаттуу мыйзам жазууга дарамети бар кесипкөй депутаттарды тартмакпыз. Ал эми эл өкүлдөр жыйынында 55 депутат калмак", - деди Асылбаева.
Ошондой эле, катчылыкты жана депутаттарды камсыздоого кетчү чыгымдарды кыскартуу зарылдыгын белгиледи.