Кечээ, 11-июлга болуп өткөн шаардык кеңешти шайлоодо "Эмгек" партиясы тарабынан добуш сатып алуу фактысы болгондугу аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын УКМК ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (добуш сатып алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалык 2- (МТУ-2) жашоочуларына акча таратып жаткан жеринен "Эмгек" партиясынын өкүлү "K.E.A." кармалган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган "К.Э.А." "Эмгек" партиясынан талапкер «Р.у.Т.» көрсөтмөсү боюнча МТУ-2 жашоочуларынын ар бир катталган шайлоочуга 1000 сомдон акча каражатын тараткан.
Ошондой эле, "К.Э.А." жанынан тинтүү учурунда бөлүштүрүү үчүн арналган 10 миң сомдук акча каражатт жана акча каражаттарын алгандыгы жөнүндө белги коюлган шайлоочулардын тизмеси табылган.
Учурда КР УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.