- Түркия-  дүйнөдө атайын кызматы эң күчтүү жети мамлекеттин бири. Биздики болсо эчак эле кедеринен кеткен! Оппозиция лидерлерин аңдып, ишкерлерди шантаж кылганды адат кылып алган... 2012- жылы болсо керек. Ташиевди үйүн аңдышып, анын жан сакчыларынан таяк жеп, анан больницага түшүп уялбай "бизди Ташиевдин жан сакчылары сабап салды" деп интервью беришкен.

Баса, Акаевдин акыркы жылдарында Полуэктов деген УКМКнын төрага орун басары Кочкордун жайлоосуна эс алганы барып, бирөөнүн топозун атып, машинасына жүктөп баратып кармалып шермендеси чыккан.

Азыр атайын кызматка даярдаган окуу жайды РФке жиберип окуп келип жатышат. Өзүн сыйлаган мамлекет бул тармактын профессионал адистерин өзү даярдайт.