Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын КККнын кызматкеримин деген "Т.С.К." аттуу адам Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Аталган адам кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Нарын шаарындагы ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Эгерде аталган жарандын иш-аракетинен жабыркагандар болсо, КР УКМКнын Нарын облусундагы ишеним телефону (03522) 50849 кайрылыңыздар болот", - деп билдиришти УКМКдан.

 

URL: https://www.vb.kg/kg/1765