УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Орхан Инандыны уурдоого катыштыгы бар делген адамдар тууралуу УКМКнын канчалык бир деңгээлде маалыматы бардыгын айтты. 

"Алар өлкөбүздөгү уюмдар же жооптуу кызматта иштегендер эмес", - деди. 

Ошондой эле, ал Инанды уурдалгандан кийин Кыргызстандагы ФЕТОнун масштабы белгилүү боло түшкөнүн белгиледи. 

"Чынын айтканда биз буга чейин бул уюмга анчалык маани берчү эмес экенбиз. Инанды уурдалгандан кийин гана алардын күчү, каражат жана адам ресурстары канчалык экенин билдик. Айрым жооптуу кызматта иштегендер, анын арасында парламенттин бир нече депутаты да санааркап башташты. Азыр ФЕТО кандай жол менен каржылайт жана ага кимдин катыштыгы бардыгын аныктоо иштери башталды. Биздин өлкөдө башка өлкөлөрдүн саясий уюмдары болбошу керек", - деди ал. 

Андан сырткары, УКМКнын төрагасы "Сапат" окуу жайларына бул окуя терс таасир бербей турганын билдирди. 

"Кыргызстанда бул окуу жайы эч кандай мыйзамсыз иштерди жасаган эмес. Анын саны, жетекчилиги жана алардын аты-жөнү тууралуу маалымат бизде бар", - деди.