УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында өлкөдөгү ковидке байланышкан кырдаалды өтө оор деп баалады. 

"Катуу ооругандардын саны көбөйүп, ооруканаларда, жандандыруу бөлүмдөрүндө орун жетпей баштаса, бул адам өлүмүнүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Калкты эмдөөдөн өткөрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Өткөн жылдын май айындагы кыржаалга салыштырмалуу бул жылдагы көрсөткүч 8 эсе көп. 2020-жылы ушул убакта коронавирустун 1 115 учуру катталган, бул жылы ушул  9 424 учурга жетти", - деди ал. 

Ошондой эле, ал санитардык чараларды сактоо жана эмдөөдөн өтүү боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.